"Кабар" агенттиги Кытайдын медиакорпорациясы менен кызматташтык тууралуу меморандумга кол койду

Коом Загрузка... 17 Июнь 2025 17:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 17.06.25. /Кабар/. Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги менен Кытайдын медиакорпорациясы өнөктөштүк байланыштарды өнүктүрүү жана эки өлкөнүн массалык маалымат каражаттарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду.

Документке Астана шаарында кол коюлуп, тараптардын эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди кеңейтүүгө, ошондой эле телерадио тармагында жана медиа чөйрөсүндөгү башка тармактарда кызматташууну бекемдөөгө умтулуусун чагылдырат.

Меморандумдун негизги жобосу:

  • маалымат алмашуу — тараптар эки өлкөнүн экономикалык, социалдык жана маданий окуяларын чагылдырган жаңылыктык материалдарды, тематикалык репортаждарды, программаларды, даректүү тасмаларды биргелешип даярдоо жана алмашуу;
  • техникалык кызматташтык — технологиялык чечимдер жана медиа тармагындагы инновация жаатында маалымат алмашууну активдештирүү;
  • профессионалдык тажрыйба алмашуу — эки органдын түзүмдүк бөлүмдөрүндө кызматкерлердин адискөйлүгүн көтөрүү, такшалмадан өтүү жана кайра даярдоо программаларын уюштуруу пландалууда;
  • биргелешкен иш-чараларды өткөрүү — тараптар эки өлкөнүн аймагында тегерек стол, семинар, конференция жана башка маданий-маалыматтык иш-чараларга катышууга ниеттенүүдө;
  • тармактык кызматташуу - медиакызматташтыкты оптимизациялоо жана эл аралык медиарынокторго катышуусун кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлөт.