Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Нарында 9 балалуу үй-бүлөгө унаа белек кылды.
Мамлекет башчысы бүгүн, 7-октябрда Нарын шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган көп кабаттуу үйдөн батир алган көп балалуу үй-бүлөнүн үйүнө барып, ачкычын белек кылды.
Бул үй-бүлө тогуз бала тарбиялап өстүрүүдө, ал эми кичүүсү жети айлык. Ошондой эле үй ээси ички иштер органдарында — милиция кызматкери болуп эмгектенет. Жубайы баатыр эне.
Эске салсак, бүгүн президент Садыр Жапаров Нарын облусунда иш сапары менен болуп, анын алкагында Нарын шаарындагы жана Кочкор районундагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган көп кабаттуу үйлөрдүн ачылыш аземине катышты.