Бишкек, 07.01.25 /Кабар/. Менин убагымда буйрутма адам өлтүрүү болбош керек дегем, бир учур болуп кетти. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров журналист Айбек Бийбосунов тарткан «Президент» даректүү тасманын үчүнчү бөлүгүндө айткан.
Тасмада Садыр Жапаров соңку 4–5 жылдагы саясаттагы маанилүү окуяларга токтолуп, коомчулукка мурда белгисиз болгон жагдайларды айтып берген.
Даректүү тасмада ошондой эле башка саясий ишмерлердин да пикирлери камтылган.