Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон “Ала-Арча” жаратылыш паркында этномаданий программа менен таанышты

Президент 3290 12 Март 2025 21:55
DOS_1817.jpg
DOS_1818.JPG
DOS_1924.JPG
DOS_2042.JPG
DOS_2090.JPG
DOS_2134.JPG
DOS_2159.JPG
DOS_2160.JPG
DOS_2227.JPG
DOS_2254.JPG
DOS_2308.JPG
DOS_2356.JPG
DST_6913.JPG
DST_6971.JPG
DST_6972.JPG
DST_6981.JPG
DST_7021.JPG
DST_7056.JPG
Алдыга
Артка
DOS_1817.jpg
DOS_1818.JPG
DOS_1924.JPG
DOS_2042.JPG
DOS_2090.JPG
DOS_2134.JPG
DOS_2159.JPG
DOS_2160.JPG
DOS_2227.JPG
DOS_2254.JPG
DOS_2308.JPG
DOS_2356.JPG
DST_6913.JPG
DST_6971.JPG
DST_6972.JPG
DST_6981.JPG
DST_7021.JPG
DST_7056.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Бүгүн, 12-мартта, “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, анын өлкөгө жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында уюштурулган этномаданий программа менен таанышты.

Эки өлкөнүн лидерлери келгенинде аларды төкмө акындар, “Алп” баатырлар жана “Аталар изи” аттуу топтомунан улуттук кийим кийген кыздар салтанаттуу тосуп алышты.

Мамлекет башчылары кол өнөрчүлөрдүн аллеясында боз үйлөрдүн инсталляцияларында чагылдырылган көчмөн элдин жашоосу менен таанышты. Алар кыргыз элинин салттуу тиричилигинин атмосферасына чөмүлүп, кол өнөрчүлөрдүн устаканаларда уникалдуу буюм-тайым жасап жаткандарын көрүп чыгышты.

Көргөзмөнү көрүп чыккандан кийин президенттер Хан боз үйдүн сыйлуу жеринен орун алышты.

Этномаданий программанын алкагында Ч. Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли жана Н. Түгөлов атындагы Мамлекеттик “Ак-Марал” бий ансамблинин катышуусунда концерт коюлду.

Андан кийин конокторго керней, сурнай жана добулбастын коштоосунда манасчы “Манас” эпосунан үзүндү айтып берди. Эпикалык баяндын уландысы катары “Камбаркан” жана “Ак-Марал” ансамблдеринин музыкалык композициясын аткаруусу болду.

Этномаданий программа бүркүтчүлөрдүн, жаачылардын жана тайганчылардын муундан муунга өтүп келе жаткан “Салбуурун” салттуу мергенчилик өнөрүн көрсөтүү менен жыйынтыкталды.