Садыр Жапаров: Мекенди сүйүүнү иш менен көрсөтөлү

Президент 11 сентябрь 2026 10:20
Садыр Жапаров: Мекенди сүйүүнү иш менен көрсөтөлү

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Талас облусунда Эгемендүүлүк күнүнө карата туу көтөрүү аземинде кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктап, өлкөнүн келечеги кең экенин белгиледи. Ал элди ынтымакты бекем сактап, Мекенди сүйүүнү иши менен көрсөтүүгө чакырды.

Мамлекет башчысынын айтымында, өлкөнүн тагдырына кайдыгер карабаган, отуна күйүп, суугуна тоңууга кайыл мекенчил жарандарыбыз арбын. Болгону улууну урматтаган, кичүүнү ызааттаган ынтымак гана керек.

"Ынтымак жакшы – ырк жакшы, ынтымактуу журт жакшы” деген ата-бабадан калган дем менен ынтымагыбыздан жазбайлы. Ар бирибиз Мекенди сүйүүнү сөзүбүз менен эмес, ишибиз менен көрсөтөлү. Ошондо Таластын асманында бүгүнкүдөй бийик көтөрүлгөн кызыл туубуз жети дубанда, жети дубан борборунда бийик желбирейт.
Мекен – бизге берилген аманат болсо, эгемендик – бизге берилген бакыт! Мына ошол бактыбызды колдон чыгарбайлы", — деди өлкө башчысы.