Талас, 11.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Талас облусунда өтүп жаткан Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанатта өлкө боюнча 105 социалдык жана өнөр жай объектисин онлайн ачты.
Ачылган объектилердин арасында мектеп, бала бакча, оорукана, завод, фабрика сыяктуу өнөр жай ишканалары бар.
Жаңы объектилердин ишке кириши аймактардагы социалдык инфраструктураны жакшыртууга, өндүрүштү өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган.