Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды

Президент 1071 20 Ноябрь 2025 08:55
586909156_1400865408714756_8593498723909302099_n.jpg
583327753_1400865472048083_455785669091880302_n.jpg
585436901_1400865375381426_648511761676227166_n.jpg
583546424_1400865372048093_5533781077786797575_n.jpg
Алдыга
Артка
586909156_1400865408714756_8593498723909302099_n.jpg
583327753_1400865472048083_455785669091880302_n.jpg
585436901_1400865375381426_648511761676227166_n.jpg
583546424_1400865372048093_5533781077786797575_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 20.11.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, Тышкы иштер боюнча комиссиясынын Канцеляриясынын башчысы, тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу маселелери, анын ичинде саясий диалогду бекемдөө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды.

Садыр Жапаров кыргыз-кытай мамилелери бүгүнкү күндө тарыхый бийиктикте экенин, ал эми тышкы иштер министри Ван Инин ар бир сапары Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча терең мазмун жана жаңы идеяларды камтыганын баса көрсөттү.

Бул контекстте мамлекет башчысы практикалык кызматташтыкка өзгөчө көңүл буруп, атап айтканда темир жана автомобиль жолдорун курууну, жаңы авиакаттамдарды ачууну, ошондой эле көптөгөн тармактарда биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууну белгиледи.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле көп тараптуу кызматташтыктын динамикалуу, биринчи кезекте ШКУнун алкагында жана "Борбордук Азия - Кытай" форматында чыңдалышын белгиледи.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И өз кезегинде Садыр Жапаровго Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин жылуу саламын жана эң жакшы каалоолорун жеткирип, эки мамлекеттин башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даярдыгын билдирди.

Кытай тышкы иштер министри буга чейин Кыргызстанда үч жыл мурда болгонун белгилеп, бул убакыт аралыгында өлкө олуттуу ийгиликтерге жетишкенин айтып, Кытай ынак кошуна жана дос катары буга чын дилинен кубанычта экенин кошумчалады.

Ван И эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу өнөктөштүктүн, коңшулаштыктын жана кызматташтыктын деңгээлин жогору баалады. Ошондой эле ал Кыргызстанда иштеп жаткан кытайлык компаниялардын өкүлдөрүнө мыйзамдарды так сактоо жана кабыл алуучу өлкөнүн каада-салттарын урматтоо зарылдыгы жеткирилип жатканын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров КЭРдин төрагасы Си Цзиньпинге жылуу салам жолдоп, эң жакшы каалоолорун айтты, ал эми КЭРдин тышкы иштер министри Ван Иге мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.