Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров АКШнын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушууда Кыргызстандын экономикасынын өсүшү Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжалга байланыштуу товарларды кайра экспорттоонун эсебинен болуп жатат деген пикирге жооп берди.
Мамлекет башчысы Кыргызстан Россияга товарларды мурда да сатып келгенин жана Кытайдан импорттолгон товарларды экспорттоо мурда эле жүргүзүлүп келгенин белгиледи.
"Санкцияга кирген бир дагы товарды, бир дагы документти же курал-жаракты биз Россияга жиберген жокпуз. Биз санкцияларды жана Бириккен Улуттар Уюмунун талаптарын сыйлаган мамлекетпиз", — деди Садыр Жапаров.
Президент бул маселеге БУУнун Башкы ассамблеясындагы эртеңки сөзүндө да токтоло турганын билдирди.