Садыр Жапаров Кыргызстан менен Пакистан ишкерлеринин бизнес-форумуна катышты

Президент Загрузка... 05 Декабрь 2025 01:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 05.12.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров жана Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Исламабадда өткөн Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы Инвестициялык форумга катышышты.

Бизнес-форумдун катышуучуларына Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн ачып берген толук маалымат берилди, Пакистан менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү келечегине өзгөчө көңүл бурулду.

Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Кыргызстандын бизнес-делегациясы менен саламдашып, форумдун жыйынтыгында тараптар соода алакаларынын өнүгүшү, биргелешкен ишканалардын түзүлүшү, ошондой эле билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка бир катар тармактарга жаңы инвестицияларды салуу жөнүндө жарыялай алышат деген ишенимин билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстандагы медициналык университеттерде 8 миңден ашуун пакистандык студент билим алып жатканын баса белгиледи. Буга байланыштуу ал тараптар бүтүрүүчүлөргө Кыргызстанда да, Пакистанда да эркин иштөөгө мүмкүндүк берген адистерди сертификациялоонун биргелешкен механизмин түзүү боюнча макулдашканын билдирди.

Премьер-министр Шахбаз Шариф президент Садыр Жапаров жөнүндө сөз кылып жатып, аны Кыргызстан элинин экономикалык бакубаттуулугун чыңдоого, прогресске жана гүлдөп-өнүгүүсүн камсыздоого олуттуу күч жумшаган жаш, энергиялуу лидер деп атады.

Ал Садыр Жапаровдун көрүнүктүү жетишкендиктеринин бири катары непотизмге жана коррупцияга каршы натыйжалуу күрөшүүсүн белгиледи.

Анын айтымында, бул аны аймактын башка көптөгөн лидерлеринен айырмалап турат. Бул фактор Кыргызстандын президентинин башка жетишкендиктери менен айкалышып, мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүндө маанилүү роль ойноду.

Садыр Жапаров өз сөзүндө ар бир өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүндө чет өлкөлөр менен тиешелүү байланыштарды бекемдөө жана өнүктүрүү абдан маанилүү экенин белгиледи.

Бул багытта ал Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда соода-экономикалык өнөктөштүгүнүн дараметин ишке ашырууга толук шарттар бар экенин ишенимдүү белгиледи.

“Кыргыз Республикасы Евразиянын чордонунда жайгашып, Европа менен Азиянын ортосунда көпүрө катары маанилүү ролду ойнойт.

Эгер Кыргызстан менен Пакистан транспорттук-транзиттик жана башка жагымдуу шарттарга ээ болгон механизмдерди колдонсо, көп миллиондогон дүйнөлүк рынокторго бири бирине жол ачары шексиз.

Мисалы, соода жана транспорттук жолдордун кесилишинде турган Евразиялык экономикалык бирлигинин мүчөсү катары, ВСП+ статусуна ээ болгон Кыргызстан Пакистан үчүн соода-экономикалык кызматташууда Европа менен Евразиялык экономикалык бирлигинин рынокторуна көпүрө болушун белгилейт элем”, - деди мамлекет башчысы.

Ал Кыргызстандын акыркы жылдардагы экономикалык жетишкендиктери жөнүндө кыскача маалымдап, гидроэнергетика, логистика, айыл-чарба, кендерди иштетүү, халал индустрия, туризм, фармацевтика тармактарына инвестицияларды тартууга өзгөчө көңүл буруп жатканын билдирди.

“Ошондой эле 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын кабыл алдык. Анын алкагында биз улуттук мега-долбоорлорду ишке ашырып жатабыз: «Ала-Тоо Резорт» ири тоо лыжа кластери, «Асман» экологиялык таза шаары, «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагы, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорлору”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө өлкө жаңы санариптик финансылык ыкмаларды киргизүү жана виртуалдык активдер рыногун түзүү боюнча практикалык кадамдарды жасап жатканы тууралуу бөлүштү.

“Кыргыз Республикасынын президентинин алдында виртуалдык активдер секторун өнүктүрүүгө жана криптовалюталарды коопсуз колдонуу үчүн укуктук норманы түзүүгө багытталган Улуттук кеңеш түзүлдү.

Жакында Кыргызстан санарип сомду – KGST улуттук стейблкоинди ишке киргизди.

Андыктан, биз пакистандын ишкерлери менен виртуалдык активдер тармагында кызматташууга даярбыз. Эл аралык Чейн анализис (Chainalysis) индексине ылайык, учурда Кыргызстан криптовалютаны кабыл алуу боюнча дүйнөдө 19-орунда турат”, - деп баса белгиледи президент.

Соңунда Садыр Жапаров Кыргызстандын жетишкендиктери жана ар түрдүү тармактарда инвестициялык потенциалы менен таанышуу үчүн пакистандык ишкерлерди Кыргызстанга келүүгө чакырды.

Кыргызстан менен Пакистандын бизнес-форумуна фармацевтика, туризм, маалыматтык технологиялар, тоо-кен тармагы, медицина жана логистика чөйрөлөрүндө иштеген 80ге жакын компаниянын өкүлдөрү катышты.