Садыр Жапаров: Кыргызстан 2030-жылдан баштап темир жол аркылуу дүйнөгө чыгат

Президент Загрузка... 21 Ноябрь 2025 16:16
temir-zhol-1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 21.11.25. /Кабар/. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу курулуп бүткөндөн кийин, 2030-жылдан баштап биз дүйнөгө чыгабыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкектеги Алтай шаарчасынын курулушуна мезгил кутусун салуу иш-чарасында эл менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, Кытай экономикалык бир океан болсо, дүйнө жүзү өзүнчө бир экономикалык океан.

“Экөөнүн ортосунда турганыбызга сүйүнүшүбүз керек. Эки океанды бириктиребиз дагы 2030-жылдан баштап дүйнөлүк экономикага таасир тийгизе баштасак болот. Биздин таасир берүүгө мүмкүнчүлүктөрүбүз пайда болот. Ошону туура түшүнүп, балдарыбызга, жаштарыбызга айткыла.

Жакында шайлоо келе жатат чагымчылдыкка алдырбайлы. Шайлоо таза, тынч өтөт. Биз жасалма шайлоо өткөрбөйбүз. Ошондон колдонуп калалы деген күчтөр — өлкөнү кытайлыктар басып кетти деп жатышат. Алар бизге басып алайын деп келишкен жок. Завод, жол, темир жолдорду куруп жатышат. Бизге булар аба менен суудай керек. 30 жыл “туюк” мамлекетте жашап келдик. Эмне кылышыбыз керек, өмүр бою үңкүрдө жашагандай жашай берелиби?”- деди президент Жапаров.