Садыр Жапаров: КМШ өлкөлөрүндө экономикалык көрсөткүчтөрдүн туруктуу өсүшү байкалууда

Президент 1600 10 Октябрь 2025 16:15
558962345_1362940195840611_1627234240121510938_n (1).jpg
559002058_1362940549173909_1698207008064695806_n (1).jpg
558092986_1362940635840567_7916563644028927874_n.jpg
557870458_1362940575840573_9148039505671034449_n.jpg
560045053_1362940439173920_1266961114080962652_n.jpg
557602077_1362940455840585_3743468329371527845_n.jpg
558697531_1362940402507257_9066957485606603054_n.jpg
557875777_1362940305840600_7836346436899934442_n.jpg
558607941_1362940252507272_7560597093277932279_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.10.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-октябрда Тажикстанга болгон иш сапарынын алкагында Душанбе шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Шериктештиктин мейкиндигинде өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана кеңейтүү боюнча көрүлгөн олуттуу иштерди белгиледи.

Ал ошондой эле Шериктештик мамлекеттериндеги социалдык-экономикалык абалды чыңдоого көңүл буруп, бул прогресс негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн туруктуу өсүшүн, инфраструктуранын өнүгүшүн жана чөлкөмдүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууну көрсөтүп турарын баса белгиледи.

«Бул жыйынтыктар жалпысынан интеграциялык механизмдердин жана сооданын жөнөкөйлөтүлгөн режимдеринин натыйжалуулугун көрсөтүп, жалпы экономикалык мейкиндикти түзүүгө ырааттуу жылышты тастыктайт», - деди мамлекет башчысы.

Соңунда президент Садыр Жапаров Түркмөнстанды 2026-жылы КМШга төрагалык кылууну алышы менен куттуктап, Кыргызстандын Шериктештиктин бардык интеграциялык демилгелерине активдүү жана конструктивдүү катышууга болгон туруктуу берилгендигин ырастады.

Андан соң КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери кеңейтилген курамдагы жыйынга катышып, анын жыйынтыгында коопсуздук, экономика, транспорт, энергетика жана гуманитардык кызматташтык чөйрөлөрүндөгү координацияны күчөтүүгө багытталган документтердин топтомуна кол коюлду.