Садыр Жапаров Кеминде курулуп жаткан цемент заводун көрүп чыкты

Президент 1681 24 Декабрь 2025 16:30
605705968_1429574449177185_1465620894911318583_n.jpg
602375024_1429574359177194_6111820218763739738_n (1).jpg
602356195_1429574345843862_6162790445040884625_n.jpg
605088195_1429574329177197_2331713991790924902_n.jpg
605524875_1429574445843852_8795781031797488211_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 24.12.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-декабрда Чүй облусунун Кемин районундагы цемент заводунун курулушу менен таанышты.

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов Садыр Жапаровго ишкананын долбоордук кубаттуулугу суткасына 3200 тонна клинкерди түзөрүн маалымдады.

Ишке киргизүү 2027-жылга пландаштырылган. Ишкана 43 гектар аянтта жайгашат.

Заводдун курулуш этабында 300дөн ашык, ишке киргизилгенден кийин – 500дөн ашуун жумушчу орундары түзүлөт.

Президент Садыр Жапаров ишкананын аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн маанилүүлүгүнө токтолуп, курулушту өз убагында бүткөрүү зарылдыгыны белгиледи. Ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдарга инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү тапшырды.