Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Кыргызстанда бюджет жогорулаган сайын 16 жашка чейинки бардык балдарга, үй-бүлөнүн социалдык абалына карабастан, жөлөк пул берүү пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, учурда өлкө экономикасы туруктуу өсүш жолуна түшүп, бул социалдык төлөмдөрдү этап-этабы менен көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзүүдө. Президенттин айтымында, негизги максат балдарды колдоодо "бай-кедей" деп бөлбөстөн, жалпы камсыздоого өтүү.
"Келечекте бюджетибиз көбөйгөн сайын 16 жашка чейинки балдарга бай-кедейине карабай, баарына бирдей жөлөк пул берүүгө аракет кылабыз", — деди Садыр Жапаров.
Ошондой эле өлкө башчысы экономикалык көрсөткүчтөрдүн жакшырышы менен бирге айлык маяналарды, пенсияларды жана башка социалдык жөлөк пулдарды кошконго мамлекет болгон күчүн жумшап жатканын кошумчалады.