Садыр Жапаров карды жиреп мектепке барган окуучу Нурзаман Алмазбековду кабыл алды

Президент 2300 17 Декабрь 2025 19:10
597682985_1423920679742562_5863289035381078020_n (1).jpg
601809098_1423920716409225_5504000378076537347_n (1).jpg
600233147_1423920683075895_6458107996021926554_n (1).jpg
597693153_1423920706409226_3370618202481925401_n.jpg
Алдыга
Артка
597682985_1423920679742562_5863289035381078020_n (1).jpg
601809098_1423920716409225_5504000378076537347_n (1).jpg
600233147_1423920683075895_6458107996021926554_n (1).jpg
597693153_1423920706409226_3370618202481925401_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 17.12.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-декабрда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Коо-Чаты айылындагы “Айды-Көл” башталгыч мектебинин 4-классынын окуучусу Нурзаман Алмазбековду кабыл алды.

Буга чейин социалдык тармактарда 4-класстын окуучусунун дээрлик бир метрге жеткен калыңдыктагы карды жиреп мектепке баратканы тууралуу видео тараган. Президент да бул видеону көрүп, кичинекей окуучунун ушундай оор шартта билимге умтулуусун жогору баалады.

Ал Нурзаманды президенттик балатыга чакырган, бүгүн болсо жеке өзү аны кабыл алып, ноутбук жана топ белек кылды.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров окуучуга өзүнүн уюлдук телефонун да берди.

Мамлекет башчысы бул бала ага өзүнүн бала чагын, алыскы Кең-Суу айылында кар кечип мектепке барган кездерин эске салганын айтты.

Жолугушуунун соңунда президент Нурзаманга чоң ийгиликтерди каалап, алдыда "Акылман" президенттик лицейинде окууга да мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады.