Садыр Жапаров Караколдогу №11 балдар бакчасынын оңдоп-түзөөдөн кийинки абалы менен таанышты

Президент Загрузка... 01 Ноябрь 2025 19:38
Screenshot_2025-11-01-19-45-31-394_org.telegram.messenger.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 01.11.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы №11 балдар бакчасынын капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки абалы менен таанышты.

Имарат 1972-жылы муниципиалдык балдар бакчасы катары курулуп, 1991-жылы банк болуп кайра түзүлгөн. 2025-жылы президенттин Иш башкармалыгы тарабынан капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, мекеме заманбап шарттарга ылайык толук жаңыланды.