Бишкек, 07.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда Чүй облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Кант шаарынын жана Ысык-Ата районунун тургундары менен жолугушту.
Ачык диалогдун жүрүшүндө тургундар мамлекет башчысына турмуштун ар кандай тармактарына тиешелүү маселелер боюнча кайрылып, ошондой эле мамлекеттик органдардын көңүл буруусун жана тийиштүү чараларды көрүүсүн талап кылган көйгөйлөрдү көтөрүштү.
Атап айтканда, жеке мүнөздөгү маселелер, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсү, социалдык инфраструктураны өркүндөтүү, билим берүү жана спорт объектилерин куруу жана оңдоо, мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында турак жай менен камсыздоо, ошондой эле жер жана мүлк талаштарын жөнгө салуу маселелери талкууланды.
Мамлекет башчысы мындай жолугушуулардын тажрыйбасы көрсөткөндөй, кайрылуулардын 90 пайызга жакыны өз учурунда жер тилкелерин жасалма документтер менен сатып алууда алдамчылык аракеттердин курмандыгы болгон жана бүгүнкү күнгө чейин келип чыккан укуктук жана мүлктүк маселелерди жөнгө сала албай жаткан жарандардын көйгөйлөрүнө байланыштуу экенин айтты.
Ушуга байланыштуу Садыр Жапаров президенттин администрациясына тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте эки жылдын ичинде бул чөйрөдө топтолгон көйгөйлөрдү жөнгө салуу боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүүнү жана жер тилкелерин мыйзамсыз тариздөө жана сатып алуу менен байланышкан маселелерди биротоло чечүүнү тапшырды.
Президент ар бир кайрылууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында кылдат кароо зарылдыгын баса белгиледи.