Бишкек, 07.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Сокулук районунун Күн-Туу айылында жашаган тургундун өлүмүнө байланыштуу иштин тергелишин прокуратуранын көзөмөлүнө алууну тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысы район тургундары менен жолугушкан учурда айтты.
Күн-Туу айылынын тургуну Айымкүл Алмашева президентке кайрылып, уулу Алмашев Султандын 2021-жылдын 3-январында каза болуу себептерин кайрадан карап чыгууну өтүндү.
Аялдын айтымында, ошол күнү уулу ага телефон чалышкандан кийин үйдөгү кийими менен сыртка чыгып кеткен. Эртеси күнү үй-бүлөсүнө анын сөөгү табылганы тууралуу кабарлашкан.
Алгачкы тергөөнүн жыйынтыгына макул эместигин билдирген аялдын айтымында, окуя болгон жерди кароо учурунда кийим-кечек, бут кийим жана унаалар талаптагыдай текшерилген эмес. Ошондой эле уулунун денесиндеги жаракаттарга жетиштүү көңүл бурулган эмес.
“Бул маселе боюнча беш жылдан бери кайрылып келем. Бүгүн сизге 12-жолу кайрылып жатам. Мен жалгыз бой энемин, төрт кызым калды, жалгыз уулумдан айрылдым”, — деди ал.
Ички иштер министрлигинин өкүлү алгачкы соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, эркек кусундуга муунуп каза болгонун билдирди.
Ошол эле учурда энесинин кайрылууларын жана тергөөдө кетирилген кемчиликтер тууралуу жүйөлөрүн эске алуу менен ишти тергөө кайра жандандырылган. Чүй облустук ички иштер башкармалыгына иштин жагдайларын кайрадан иликтөө, арыз ээсинин бардык жүйөлөрүн текшерүү жана аларга укуктук баа берүү тапшырылган.
Кайрылууну уккан Садыр Жапаров иштин тергелишин прокуратуранын көзөмөлүнө алууну тапшырды.
“Бул жерде шектүү жагдайлар бар экен. Тергөө иштерин көзөмөлгө алып, аягына чейин жеткирүү керек”, — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.