Президент Түз айылына беш кабаттуу үйлөрдү курууну сунуштады

Аймак
Президент Түз айылына беш кабаттуу үйлөрдү курууну сунуштады
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 07.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Сокулук районунун Түз айылындагы 16 гектар жер тилкесин трансформациялоо жана турак жай куруу маселесин кароону сунуштады. Бул тууралуу ал райондун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Жолугушууда Түз айылынын тургуну Бакыт Сарманов 2008-жылдан бери чечилбей келе жаткан жер тилкесин трансформациялоо маселесин көтөрдү.

Анын айтымында, 2008-жылы райондук кеңеш тарабынан жер тилкесин трансформациялоо боюнча чечим кабыл алынган. Тиешелүү архитектуралык корутундулар жана башка адамдардын укуктары менен кызыкчылыктары бузулбай турганын тастыктаган документтер даярдалган. Бирок айыл чарба багытындагы жерлерди трансформациялоого мораторий киргизилгендиктен, иш токтоп калган.

Ал белгилегендей, жер тилкеси ушул күнгө чейин пайдаланылбай келет. Айылда 130га жакын үй-бүлө жашайт. Бирок калктуу конушту кеңейтүү жана турак жай куруу үчүн жер бөлүп берүү мүмкүнчүлүгү чектелүү.

Сармановдун айтымында, турак жай маселесин чечүү мүмкүнчүлүгүнүн чектелгендигинен улам жаштар жана орто жаштагы адамдар башка калктуу конуштарга көчүп кетүүгө аргасыз болууда. Натыйжада айылда негизинен улуу муундун өкүлдөрү жана жаш балдар калууда.

Кайрылууну уккан Садыр Жапаров Сокулук районунун акиминен жер тилкеси тууралуу сурады. Аким бул маселе 2008-жылы карала баштаганын, бирок мораторийге байланыштуу токтоп калганын ырастады. Ошондой эле аталган жер тилкесинде буга чейин турак жай долбоорлорун ишке ашыруу маселеси каралганын, бирок анын жайгашкан жери долбоорду кийинкиге жылдырууга таасир эткен факторлордун бири болгонун билдирди.

Президент турак жай маселесин чечүүдө жеке турак үй куруу үчүн жер бөлүп берүү менен гана чектелбестен, көп кабаттуу үйлөрдү куруу мүмкүнчүлүгүн да кароо зарылдыгын белгиледи.

“Эгер айылдарда жеке турак үй куруу үчүн жер бөлүп бере берсек, төрт-жети жылдан кийин жер ресурстары түгөнөт. Ошондуктан жогору көздөй курууну сунуштап жатабыз. Беш кабаттуу үйлөрдү курса болот”, — деди Садыр Жапаров.

Ал жер тилкесин трансформациялоо мүмкүнчүлүгүн карап, анда турак жайга муктаж жарандар үчүн беш кабаттуу үйлөрдү курууну сунуштады.

Мамлекет башчысы калкты турак жай менен камсыздоо маселесин этап-этабы менен чечүү үчүн башка айылдардагы жана район борборлорундагы ушундай эле жер тилкелерин да изилдөө зарылдыгын кошумчалады.