“Ихсан” кооперативинен жер алгандар президенттен жардам сурады

Коом
“Ихсан” кооперативинен жер алгандар президенттен жардам сурады

Бишкек, 07.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун Сокулук районунун тургундары менен жолугушуусунда “Ихсан” кооперативинен жер тилкелерин сатып алган жарандардын бири кайрылып, жерлерди өз атына каттоо маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Жарандын айтымында, сегиз үй-бүлө, анын ичинде майыптыгы бар адамдар жашаган үй-бүлөлөр турак жай куруу үчүн жер тилкелерин сатып алышкан. Бирок кооперативдин иши сотко өткөрүлүп, мүлкү камака коюлгандыктан, жарандар үй куруу иштерин баштай албай калышкан.

Ал белгилегендей, жер тилкелерин сатып алгандар карыздарын төлөп, бардык каржылык милдеттенмелерин аткарышкан. Бирок соттук териштирүүлөр эки жылга жакын убакыттан бери уланып келет. Анын айтымында, ушундай эле көйгөй жүздөгөн жарандарга тиешелүү.

Өз кезегинде курулуш министри Нурдан Орунтаев “Ихсан” кооперативи каржы пирамидасынын принциби менен иштеп, жарандарга салган акчасын көбөйтүп берүү же жер тилкесин бөлүп берүү убадасын бергенин билдирди. Ошол эле учурда бөлүнгөн айрым жерлерге мыйзам боюнча турак жай курууга уруксат берилбейт.

Президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнөн кооперативдин мүлкүн жарандарга кайтаруу боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатканын сурады.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов “Ихсан” кооперативинин мүлкү камакка алынганын маалымдады. Анын айтымында, сот чечимдери чыккан сайын чектөөлөр алынып, мүлк жарандарга өткөрүлүп берилүүдө.