Садыр Жапаров иш сапары менен Ашхабад шаарына барды

Президент 993 11 Декабрь 2025 21:31
photo_5318796931851030930_y.jpg
photo_5318796931851030931_y.jpg
photo_5318796931851030932_y.jpg
photo_5318796931851030943_y.jpg
photo_5318796931851030942_y.jpg
photo_5318796931851030941_y.jpg
photo_5318796931851030940_y.jpg
photo_5318796931851030939_y.jpg
photo_5318796931851030938_y.jpg
photo_5318796931851030937_y.jpg
photo_5318796931851030936_y.jpg
photo_5318796931851030935_y.jpg
photo_5318796931851030934_y.jpg
photo_5318796931851030933_y.jpg
Алдыга
Артка
photo_5318796931851030930_y.jpg
photo_5318796931851030931_y.jpg
photo_5318796931851030932_y.jpg
photo_5318796931851030943_y.jpg
photo_5318796931851030942_y.jpg
photo_5318796931851030941_y.jpg
photo_5318796931851030940_y.jpg
photo_5318796931851030939_y.jpg
photo_5318796931851030938_y.jpg
photo_5318796931851030937_y.jpg
photo_5318796931851030936_y.jpg
photo_5318796931851030935_y.jpg
photo_5318796931851030934_y.jpg
photo_5318796931851030933_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.12.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-декабрда Түркмөнстандын жетекчилигинин чакыруусу боюнча иш сапары менен Ашхабад шаарына барды.

Мамлекет башчысынын учагы Түркмөнстандын борборунун эл аралык аэропортуна конду.

Эл аралык аэропортто форумга катышуучу өлкөлөрдүн желектери илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген.

Саламдашуудан кийин улуттук кийимчен улан-кыздар мамлекет башчысына гүл жана нан менен туз тартуулашты.

Президент Садыр Жапаровду Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Ошол жерде, аэропортто президент Садыр Жапаровдун Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушуусу болду.

Халк Маслахатынын төрагасы Кыргыз Республикасынын президентин жылуу тосуп алып, Ысык-Көлгө болгон жайкы сапарын өзгөчө жылуу сезим менен эскерип, өлкөлөр ортосундагы чын ыкластуу достук маанайын өзгөчө белгиледи.

Тараптар мындан аркы кызматташуунун келечеги тууралуу пикир алмашып, эки жана көп тараптуу форматта активдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Тынчтыктын жана ишенимдин эл аралык жылына (2025-жыл), Бейтараптыктын эл аралык күнүнө жана Түркмөнстандын туруктуу бейтараптыгынын 30 жылдыгына арналган Эл аралык форумдун ишине катышат.