Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент 2292 23 Апрель 2025 11:36
492218993_1212074810927151_7288778361341296754_n.jpg
491999537_1212074990927133_2952622478657458089_n.jpg
492000924_1212074820927150_4229658643459783636_n (1).jpg
492369252_1212075044260461_2589376369436699547_n.jpg
492379763_1212074837593815_3117639664800554949_n.jpg
492573472_1212075024260463_8706247024254086193_n.jpg
493497019_1212074964260469_8273935677367802202_n.jpg
Алдыга
Артка
492218993_1212074810927151_7288778361341296754_n.jpg
491999537_1212074990927133_2952622478657458089_n.jpg
492000924_1212074820927150_4229658643459783636_n (1).jpg
492369252_1212075044260461_2589376369436699547_n.jpg
492379763_1212074837593815_3117639664800554949_n.jpg
492573472_1212075024260463_8706247024254086193_n.jpg
493497019_1212074964260469_8273935677367802202_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 23.04.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-апрелде, Чолпон-Ата шаарында Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен анын Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Тараптар эки жактуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтыкты, маданий-гуманитардык байланыштарды жана аймактык демилгелерди талкуулашты.

Ардактуу мейманды куттуктап жатып, президент Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовдун иш сапарынын кыргыз жана түркмөн элдеринин көп кылымдык достугун чыңдоодогу маанисин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы эки өлкөнүн соода кызматташтыгындагы ишенимдүү оң динамиканы белгилеп өттү.

Садыр Жапаров ошондой эле Кыргызстандын Россия, Венгрия, Өзбекстан жана Азербайжан менен эки тараптуу өнүктүрүү фонддорун түзүү тажрыйбасына ылайык Кыргыз-Түркмөн өнүктүрүү фондун түзүү долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы терең жана көп жактуу кызматташууга даяр экенин билдирди. Ал түркмөн тараптын бардык негизги тармактарда, анын ичинде соода, газ, энергетика, транспорт, маданият жана билим берүү тармагында жигердүү кызматташууга умтулуусун жана даярдыгын баса көрсөттү.

Соңунда президент Садыр Жапаров сүйлөшүүлөр кыргыз-түркмөн өнөктөштүгү үчүн жаңы перспективаларды ачарына ишеним билдирди. Бул контекстте ал залкар түркмөн ойчулу Махтумкули Фрагинин: "Биримдик – кыялды чындыкка айландыруучу күч" деген сөздөрүн мисал келтирди.