Ташкент, 23.04.25. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен Түркмөн элинин улуттук лидери - Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов 23-24-апрелде расмий визит менен Самарканд шаарына келет. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы маалымдады.
Алдыдагы сүйлөшүүлөрдө өзбек-түркмөн стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоо жана ар тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.
Эки тараптуу диалогдун негизги багыттары саясий жана парламенттер аралык байланыштарды, соода-экономикалык кызматташтыкты, транспорттук жана коммуникациялык байланыштарды өнүктүрүүнү, ошондой эле маданий-гуманитардык алмашууларды камтыйт.
Мындан тышкары, тараптар аймактык жана эл аралык мааниге ээ болгон актуалдуу маселелерди талкуулап, кызматташуунун негизги аспектилери боюнча пикир алышат.