Садыр Жапаров Гонконгдогу өрткө байланыштуу Си Цзиньпинге көңүл айтты

Президент Загрузка... 27 Ноябрь 2025 23:13
c563ccfe-8445-4a53-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Кытай Эл Республикасынын Гонконг Атайын административдик районунда болгон өрттүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат телеграммада.