Садыр Жапаров Ашхабаддагы эл аралык форумга катышуу үчүн конгресс-борборго барды

Президент 1274 12 Декабрь 2025 13:35
597896936_1419765803491383_320227659266723738_n.jpg
597917105_1419765783491385_2902161205405511724_n.jpg
597409000_1419765786824718_8446224535083822532_n.jpg
Алдыга
Артка
597896936_1419765803491383_320227659266723738_n.jpg
597917105_1419765783491385_2902161205405511724_n.jpg
597409000_1419765786824718_8446224535083822532_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.12.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-декабрда Тынчтык жана ишеним эл аралык жылына, Бейтараптыктын эл аралык күнүнө жана Түркмөнстандын туруктуу бейтараптыгынын 30 жылдыгына арналган “Тынчтык жана ишеним: туруктуу келечектин кызыкчылыгы үчүн максаттардын биримдиги” аттуу эл аралык форумга катышуу үчүн конгресс-борборго барды.

Мамлекет башчысын Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов тосуп алды.

Саламдашуу аземи жана биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары форумга катышуу үчүн залга өтүштү.

Форумга Армения, Ирак, Иран, Казакстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан, Сан-Томе жана Принсипинин, Өзбекстандын президенттери, өкмөт башчылар, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана башкалар катышууда.