Бишкек, 05.11.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда Египет Араб Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Каир шаарында Египет парламентинин Өкүлдөр палатасынын төрагасы Ханафи Али Жебали менен жолугушту.
Жолугушуунун башында спикер Египет парламентинин бир жарым кылымдан ашык тарыхы жөнүндө айтып берди.
Тараптар парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, келишимдик-укуктук базаны өркүндөтүү жана башка маселелерди талкуулашты.
Египет парламентинин Өкүлдөр палатасынын төрагасы Ханафи Али Жебали Кыргызстандын президентинин эки тараптуу мамилелердин тарыхындагы биринчи расмий сапарын жылуу тосуп алып, Садыр Жапаровдун сапары эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоо үчүн зор мааниге ээ экенин белгиледи.
Президент Садыр Жапаровдун терең урматтоонун белгиси болгон Африка континентине биринчи сапарын Египеттен баштап жасаган чечимин жогору баалады.
Мисир парламентинин Өкүлдөр палатасынын спикери Кыргызстан менен өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин жана парламенттер аралык байланыштарды чыңдоого даярдыгын билдирди.
Өз кезегинде президент Садыр Жапаров жылуу кабыл алуу жана көрсөткөн меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргызстан менен Египет элдерин аралык алыс болгонуна карабастан, достук байланыштары жана жалпы руханий баалуулуктар бириктирип тураарын белгиледи.
Президент ошондой эле достук боюнча депутаттык топторун түзүүнү, аны менен катар биргелешкен парламенттик форумдарды жана консультацияларды өткөрүүнү сунуштады.
Ал 2025-жылдын 30-ноябрында Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөрүн билдирип, Мисир парламентинин өкүлдөрүн аларга эл аралык байкоочу катары катышууга чакырды.
Мындан тышкары, президент Ханафи Али Жебалиге жана анын командасына парламенттин Өкүлдөр палатасынын депутаттарын алдыдагы шайлоодо ийгилик каалады.
Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы келишимдик-укуктук база калыптануунун баштапкы этабында экенин, бирок бүгүн кол коюлган макулдашуулардын негизинде кыргыз-мисир кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарууга негиз түзүлөрүн белгиледи.
Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров Египеттин Өкүлдөр палатасынын Ттөрагасы Ханафи Али Жебалини Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келүүгө чакырып, кыргыз-мисир мамилелеринин келечеги кең экенине ишеним билдирди.