Садыр Жапаров Дональд Трамптын чакыруусу менен АКШга иш сапары менен барат

Президент Загрузка... 27 Октябрь 2025 12:50
WhatsApp Image 2025-10-27 at 12.54.06.jpeg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.10.25 /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров АКШнын Вашингтон шаарында өтчү "Борбор Азия - АКШ" саммитине катышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине президенттин басма cөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

"Президент Садыр Жапаров АКШнын президенти Дональд Трамптын АКШ жана Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын кезектеги жолугушуусуна чакыруусун ыраазычылык менен кабыл алды.

Президенттин администрациясы мамлекет башчысынын АКШга болгон иш сапарына даярдык көрүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө", - деп белгиледи Алагөзов.

Маалым болгондой, АКШнын Вашингтон шаарында "Борбор Азия - АКШ" саммити (C5+1 форматында) 6-ноябрда өтөт.