Садыр Жапаров: Борбор Азиянын дүйнөлүк саясаттагы ролу өсүүдө

Президент Загрузка... 07 Ноябрь 2025 10:32
579395473_24930461946595378_6464586890239667867_n.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. Борбор Азия аймагынын дүйнөлүк саясаттагы ролу эбегейсиз өсүп, кызматташууну бекемдөөгө ири державалардын кызыгуусу күчөп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Вашингтон шаарында өткөн "Борбордук Азия - АКШ" (C5+1) саммитинде билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, бул өңүттө C5+1 форматы саясий диалогду өнүктүрүүгө максатталган маанилүү аянтчага айланды.

“Биздин биргелешкен аракеттерибиз конкреттүү жыйынтыктарга, өлкөлөрүбүзгө өз ара пайда алып келерине ишенем. Кыргызстан АКШ менен көп кырдуу мамилелерин жогору баалайт жана аларды мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар. Акыркы он жылдын аралыгында биздин форматтагы өз ара аракеттенүү мамлекеттер аралык кызматташуубузду кеңейтүүгө болгон кызыгуубуз өсүп жаткандыгын далилдейт”, - деди президент.

Садыр Жапаров региондо экономикалык өсүү боюнча оң динамика байкалып жатканын, бирок туруктуу өнүгүү үчүн АКШ менен соода алакаларын кеңейтүү жана америка инвестицияларын тартуу абдан маанилүү экендигин айтты.

“Биз үчүн банктык төлөмдөрдү камсыз кылуу, инвестицияларды тартуу, долбоорлорду ишке ашыруу жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы сооданы активдештирүү максатында финансы-банктык кызматташууну өнүктүрүү зарыл. Биздин региондогу өлкөлөр олуттуу энергетика ресурстарына ээ. Бул тармакта америка компаниялары менен карым-катнаш түзүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.