Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда, Талас шаарында өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына арналган иш-чарада сөз сүйлөдү.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Ардактуу мекендештер, кымбаттуу кыргызстандыктар!
Кут даарыган Талас жергесинин урматтуу тургундары!
Эгемендик майрамынын кадырлуу меймандары!
Мынакей 31-августта расмий куттуктоодон башталып, Шанхай кызматташтык уюму, Көчмөндөр оюндары менен коштолгон Эгемендик майрамыбыздын шаңы буга чейин ар облуста өткөрүү салт болуп келгендей, бүгүн кут төгүлгөн Талас облусунда уланууда.
Тарыхтын улуу барактары жаңырган, улуттук ар-намыс менен эркиндиктин туусу бийик желбиреген өзгөчө тарыхый күндү — Эгемендиктин 35 жылдыгынын касиеттүү Талас жергесинде өтүп жатышы терең символикалык мааниге ээ.
Себеби мындан туура беш жыл мурда ушул куттуу жерге келгенимде: “Эгемендик тууралуу асыл ой-кыялдарыбыздын башаты дагы, аруу тилектерибиздин, мамлекеттүүлүк тууралуу бийик идеалдарыбыздын калыптанышы дагы эзелтеден жер соорусу атыккан дал ушул кереметтүү Талас жергеси жана Манас атанын ыйык руху менен байланыштуу”, - деп айтканым бар.
Айкөл Манас атабыздын куту конуп, биримдиктин бешиги болгондон бери карай биздин заманыбызда:
“Ак шумкар сызып учкан жер,
Атагын дүйнө уккан жер.
Чокусу бийик Таластан,
Чолпонбай, Чыңгыз чыккан жер” деген көрүнүктүү өнөрпоз Шекербек Шеркулов агабыздын керемет саптарындагыдай, бул берекеси төгүлгөн аймактан даңазалуу баатырлар, таланты ташкындаган кашкөйлөр, атагы аалам аралаган залкарлар чыккан.
Эл башына түн түшкөндө бүтүндөй кыргыздын намысын туу кылып, душмандын мизин кайтарган Эр Солтонойду, Бердике беренди, ички ынтымакты бекемдеп, калкты тышкы коркунучтардан коргоодо өзгөчө акылмандык көрсөткөн Каработо бий, Майтык бий, Ажыбек Датка, Бүргө баатыр жана башка эл коргоочуларыбызды узун сабак дастан кылып, сыймыктануу менен айтып келебиз.
Бул баатырлардан берки тарыхыбызда, ХХ кылымдын башында улуттук мамлекеттүүлүгүбүздү калыбына келтирип түптөөгө, укуктук негиздерди түзүүгө жол ачууда өз өмүрлөрүн курмандыкка чалган Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев, Абдыкадыр Орозбеков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов, Төрөкул Жанузаков жана башка аталарыбыздын нар көтөргүс эмгектери унутулбайт. Биз алардын жаркын элестерине башыбызды ийип, түбөлүк сактоого милдеткербиз.
Киндик каны дал ушул касиеттүү жерге тамган заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун адам баласын табият менен гармонияда жашоого чакырыгы, манкуртчулук образы аркылуу тарыхын, тилин, маданиятын жана энесин унуткан коомдун трагедиясын таасын көрсөтүп, бүткүл дүйнөгө каккан коңгуроосу бүгүн да актуалдуу! Андай уулдарыбыз чет өлкөлөрдө жатып алышып, ал жактан алган бир сындырым нан үчүн өз өлкөсүндө болуп жаткан жакшы иштерден дагы жамандык издеп, манкуртчулук кылышууда. Биз аларды тарбиялап, тартипке чакырууга аракет кылабыз.
Урматтуу кыргызстандыктар, улуу ойчул соңку жаңы тарыхта мүлдө кыргыз элинин демин, Айкөл Манастын рухун, Кыргызстандын атын ааламга таратты.
Биз бүгүн көксөгөн мүдөөсү кабыл болгон журт аталарыбыз менен, дүйнөлүк атак алган планетардык жазуучубуз менен сыймыктанып, Эгемендигибиздин 35 жылдыгын тынчтыкта, ынтымакта эртеңки күнгө болгон зор ишеним менен белгилеп жатабыз! Бул – ар бир кыргыз жараны үчүн, Кыргызстандын топурагын басып жүргөн ар бир инсан үчүн эң чоң бакыт!
Баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгы менен чын дилимден куттуктаймын!
Урматтуу кыргызстандыктар!
Эгемендик алгандан кийинки алгачкы жылдары өлкөбүз экономикалык оор кыйынчылыктарды тартты, бир топ коомдук-саясий өзгөрүүлөрдү башынан кечирди. Аз жерден эли ичи ыдырап, мамлекеттүүлүгүбүздүн өзөгүнө шек келген күндөр да болду. Мекенибиз ийилди, бирок сынбады. Мамлекеттин түптөлүшү үчүн тагдыр чечер татаал чечимдер кабыл алынды. 35 жылдык мезгил ичинде кыргызстандыктар көптөгөн сыноолорду урагыс биримдик жана бекем сабыр менен жеңип, элдүүлүгүбүздү сактай алды. Эң башкысы – эгемендигибиз чыңдалды. Бүгүн Кыргызстан мамлекеттик аймактык бүтүндүккө ээ, Конституциясы, мамлекеттик институттары, улуттук валютасы, армиясы жана тышкы саясаты жөнгө салынган кубаттуу өлкөгө айланууда.
Соңку жылдардагы башкы жетишкендиктерибиздин бири – өлкөбүздүн экономикалык пайдубалынын бекемделиши болду. Акыркы төрт жылда өлкөбүздүн экономикасынын орточо жылдык өсүү темпи 10,2 пайызды түзүп, туруктуу өсүштү көрсөттү. 2026-жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын реалдуу өсүү темпи 11,1 пайызды түздү. Бул Борбор Азияда гана эмес, дүйнө жүзүндөгү эң жогорку экономикалык өсүү темптеринин бири.
Экономиканын туруктуулугу эл аралык рейтингдик агенттиктердин баалоолору менен да ырасталууда. 2025-жылы эл аралык рейтингдик агенттиктер тарабынан Кыргызстандын кредиттик рейтинги «В+» деңгээлине чейин жогорулады.
Алтын-валюта резервдери өсүүдө. Өлкөнүн консолидацияланган бюджети чыңдалып, өткөн жылы анын көлөмү 1,1 триллион сомдон ашты.
Чакан жана орто бизнес ишенимдүү түрдө өнүгүп, экономикабыздын түзүмүндө жылдан жылга чоң үлүштү ээлеп, жаңы жумуш орундарын жана салыктык кирешелерди түзүүдө. Кыргызстандын экономикасы жылдан жылга өз алдынча өнүгүү жолуна түшүп, сырткы факторлорго көз карандылыгы азайып, ички резервдердин эсебинен туруктуу өсүүгө багыт алдык. Биз өз күчүбүзгө, өз ресурстарыбызга таянуу менен “Бишкек-Арена” стадиону, “Ырыс-Ордобуз”, күндүз барып зыярат кылып келген “Манас-Ордо” сыяктуу ири имараттарыбыздын бардыгын 100 пайыз өз каражатыбызга курдук.
Ошентип бүгүн Кыргызстан көз алдыбызда өзгөрүп жатат. Республика боюнча миңдеген чакырым унаа жолдору салынып, реконструкцияланууда. Аэропорттор модернизацияланып, учуп-конуу тилкелери жана терминалдар жаңыланып, навигациянын жана учуу коопсуздугунун заманбап стандарттары киргизилди. Өлкө боюнча бардык аэропортторду ишке киргиздик, жаңыларын дагы куруп жатабыз.
Кыргызстан дээрлик 20 жылдан кийин Европа Бирлигинин авиациялык “кара тизмесинен” чыкты. Эми ата мекендик авиакомпаниялар Европага да эркин уча алышат. Бул – Кыргызстандын коопсуздук боюнча эң жогорку дүйнөлүк талаптарга жооп бере аларын көрсөткөн маанилүү жеңиш болду.
Ардактуу замандаштар!
Учурда ири масштабдагы долбоорлорду ишке ашырып жатабыз. Алардын бири – «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу – Евразия мейкиндигинин экономикалык картасын өзгөртүп, өлкөбүздү эл аралык логистиканын негизги түйүндөрүнүн бирине айландырууга жөндөмдүү стратегиялык артерия болуп калмакчы. Дал ушул ири долбоордун бир бөлүгү катары “Балыкчы – Кочкор” темир жолунун курулушу да соңуна чыгып, пайдаланууга берилди. Бара-бара Кыргызстан деңиз портторунан алыс жайгашкан өлкөдөн Евразиянын маанилүү транспорттук жана логистикалык түйүнүнө айланган мамлекет болобуз.
Чыгыш багытында түз транспорттук коридор ачып, өлкөбүздүн коңшу мамлекеттер менен байланышын чыңдай турган “Барскоон – Бедел” автомобиль жолунун курулушу жигердүү жүрүп жатат.
“Камбарата-1” ГЭСин куруп бүтүрүп алсак, Кыргызстан энергия боюнча ички тартыштыгыбызды камсыз кылып эле тим болбостон, бүткүл Борбор Азия чөлкөмүнүн энергетикалык туруктуулугуна салым кошуп эле тим болбостон, толук кандуу электр энергиясын экспорттоочу мамлекетке айланабыз. Бүгүн энергетикабызда тартыштык бар, 30 жыл уктап жатыптырбыз. 30 жылда жок дегенде жылына бирден ГЭСтен алып келгенибизде, жарык жагынан бүгүн мындай тартыштык болбойт эле.
“Ала-Тоо Резорт” тоо лыжа кластеринин курулушу туристтик тармактын жаңы багытын калыптандыруу менен миңдеген жумуш орундарын түзөт. Биринчи фазасы бүттү, Кудай буйруса, 1-декабрда Жыргалаң бөлүгүн ачабыз.
Мамлекетибиздин каржылык жана инвестициялык тутумун өнүктүрүү максатында “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы ишке кирди. Бул аймак бир гана инвестициялык аймак катары эмес, эл аралык капиталдарды, заманбап финансылык технологияларды жана инвестициялык долбоорлорду бириктирген ири финансылык борборго айланат.
Суусамыр — Талас — Тараз эл аралык авто унаа жолу реконструкцияланууда. Бул жол аймактын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, экспорттук потенциалын арттырууга жана коңшу мамлекеттер менен соода-логистикалык байланыштарды чыңдоого кызмат кыла турган стратегиялык мааниге ээ жол болот.
Жакында эле өлкөбүз дүйнөлүк суу-мотор спортунун борборуна айланды. Кыргызстан тарыхта биринчи жолу суудагы Формула-1 боюнча дүйнө чемпионатын кабыл алып, эң абройлуу жана технологиялык мелдештердин бирин өткөрдү. Бул окуя ата мекендик спорт үчүн гана эмес, өлкөбүздүн эл аралык аброю үчүн да тарыхтын жаңы барагын ачты.
Кечээ жакында өзүңүздөр күбө болгон “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын” 6-айлампасын кырсыгы жок, эң жогорку деңгээлде өткөрүп алдык. Ата-бабаларыбыздан калган көөнө мурасты өткөрүүдө “Манас” ааламына сүңгүп, балбан билек, эр жүрөк, ат жалында эркин ойногон кыргыз демин көргөн дүйнө элинин каны дүргүп, жүрөктөрү арбалып, рухтары көтөрүлдү. Анын деми бүгүн да кайта элек. Бул оюндар аркылуу биз дүйнөгө көчмөндөрдүн маданиятын гана көрсөтпөстөн, адамзатка жалпы таандык болгон достук, ынтымак жана тынчтык баалуулуктарын даңазалай алдык.
Кадырлуу агайын туугандар!
Мына ушундай жаңы Кыргызстанды куруу жолунда жалпы жети дубан менен катар Талас облусунун да салымы зор.
Облустун экономикалык потенциалы чоң. Эң башкысы эмгекчил дыйкан элибиз бар. Айыл чарба өндүрүшү мол тажрыйбага ээ. Айрыкча төө буурчак өндүрүү боюнча Талас өзүнүн брендин түзө алды. Эми алдыда продукцияны кайра иштетүүнү көбөйтүү, даяр товар чыгаруу жана экспорттун көлөмүн арттыруу милдети турат. Биз ар бир аймактын өзүнүн экономикалык мүмкүнчүлүгүн толук пайдаланышыбыз керек. Талас үчүн айыл чарба, кайра иштетүү, экспорт, туризм жана соода багыттары өзгөчө мааниге ээ!
Бүгүн бул куттуу Талас жергесинде бир катар жаңы объектилерди ачтык. Негизинен 2024-2026-жылдары Талас облусун өнүктүрүү максатында 11 миллиард сом акча каражаты республикалык бюджеттен, Турукташтыруу фондунан жана башка булактардан каржыланды.
Билим берүү тармагында да Таласта бир катар иштер ийгиликтүү аяктады. “Баластан” оюн-зоок борбору, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Талас аймактык көп тармактуу институтунун жаңы окуу имараты, “Акылман” президенттик лицейи жана башка объектилердин курулушу бүтүп, пайдаланууга берилди. Буларга салынган каражат – келечекке салынган каражат. Бүгүн бул билим уяларынан сапаттуу билим алган уул-кыздарыбыз эртең Кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө сөзсүз салым кошот. Ошондуктан билим берүү тармагын өнүктүрүү – биздин саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири!
Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексинин жаңыланышы кыргыз рухунун туу чокусу болгон улуттук мурасыбыздын кадырын арттырат. Эртең буюрса, залкар жазуучубуз Чынгыз агабыздын өмүрү жана чыгармачылыгын кийинки муундарга жеткирүүгө багытталган “Айтматов ааламы” тарыхый-маданий музей комплексин да ачабыз. 2028-жылы улуу кыргыз ойчулунун 100 жылдык юбилейин белгилөө үчүн атайын Жарлык кабыл алынганын, анын негизинде Уюштуруу комитети түзүлгөнүн да жакшы билесиздер.
Урматтуу мекендештер!
Учурдан пайдаланып, эң алды менен мына ушул максат-мүдөөлөрүбүздү ишке ашырууга дем берип, колдоп жаткан эл-журтума – силерге ыракмат айтам. Ошондой эле ондогон жылдардан бери чет жакта иштеп, жашап жүргөн мекендештерим тууралуу айта кетейин. Сыртка чыкканда Мекендин баркы өзгөчө билинет, өлкөгө болгон сүйүү артат. Муну жеке өзүм да жакшы билем. Сиздер соңку 35 жылда Кыргызстандын экономикасынын бир бөлүгү болдуңуздар. Бул үчүн кыргыз мамлекетинин башына келген ар бир жетекчи ыраазычылыгын айтышы керек.
Кечээ жакында болуп өткөн ири иш-чаралардан кийин өлкөбүздүн жарандары да, төгөрөктүн төрт бурчун кезип жүргөн мекендештерибиз да потенциалы бийик чыныгы Кыргызстандын жараны экенине эт жүрөгү элжиреп, “Кыргызстан – менин Мекеним!” деп көкүрөгү толо кубаныч менен сыймыктанып жатканын көрүп, мен да абдан кубандым. Мунун өзү – өзүн өзү таануу дегенди билдирет.
Беш жыл мурда президенттик шайлоонун алдында мен сиздерге кайрылып: “Кандай Кыргызстанда жашай турганыбыз өзүбүздүн тандообуздан көз каранды. Кыргызстан эли тартип орногон, өнүккөн, дүйнөдө кадыр-баркы бар мамлекетте жашоого татыктуу”, - деп айтканым эсиңиздерде болсо керек. Мындай өлкөнүү куруу сиздердин да, менин да кыялым эле. Бүгүн артка кылчайып, ошондо көрсөткөн ишенимиңиздер үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Учурдагы жетишкендиктерде ар бир кыргызстандык опол тоодой салым кошту. Эң башкысы, биз ушуну менен токтоп калбайбыз. Алдыда дагы көп иштер, чоң максаттар бар. Бир учурда кол жеткис көрүнгөн кыялдарды мындан ары да биримдикте иш жүзүнө ашырабыз деп терең ишенем.
Кымбаттуу мекендештер, Айкөл Манастын демин алып жүргөн таластык агайын-туугандар!
Ошентип, Көз карандысыздыктын 35 жылдыгына карата өлкөбүздө көлөмдүү иштер аткарылды. Бүгүнкү курулуштар, жаңы жолдор, энергетикалык долбоорлор, мектептер, ооруканалар, турак жайлар жана өндүрүш ишканалары – баары бир максатка багытталган. Биз жаңы Кыргызстанды куруу жолунда баратабыз, өлкөбүздү экономикалык жактан күчтүү мамлекетке айландырууга багыт алдык.
Буюрса, дагы чоң-чоң өзгөрүүлөр болот. Энергетикалык долбоорлор көбөйөт, жаңы жолдор, темир жолдор курулат. Өндүрүшүбүз өрүш алат, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү ыкчамдайт, натыйжада экспорттун көлөмү өсөт. Кудай буюрса, биз өнүгүүнүн жаңы этабына чыктык.
Эми кыргыз жарандары, ар-намыстуу туу туткан аруу элдин урпактары катары Жараткан берген ооматты, кел-кели келип турган Кыргызстандын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн кармап калууга, жаратылышыбызга аяр мамиле жасоого, көчмөн ата-бабаларыбыз калтырган улуу мурасты аздектеп улап кетүүгө тийишпиз!
Касиеттүү Талас жергесинде башталган жакшы иштер башка дубандарга да жугуштуу болсун, ийгиликтер улансын.
Ар бир үй-бүлөгө бакубат турмуш, элибизге ынтымак, өлкөбүзгө тынчтык каалайм.
Эгемен Кыргызстаныбыздын кырмызы туусу бийик желбирей берсин!
Сөзүмдүн соңунда Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 35 жылдык маарекеси менен дагы бир жолу куттуктайм, 36 жылдык мааракебизди Нарын облусунан тосуп алганга чейин саламатта болуңуздар!“, - деп белгиледи президент.