Бишкек, 03.06.26 /Кабар/. Биз БУУнун жаңы тарыхын жазууга катышабыз. Мекендештерим, куттуктайм! Мындай куттуктоону президент Садыр Жапаров фейсбуктагы баракчасына жазды.
Маалым болгондой, бир нече минуталар мурун Кыргызстан 142 добуш менен БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланды.
Белгилей кетсек, Кыргызстан 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин койгон.