Садыр Жапаров UWW жана UWW Asia уюмдарынын президенттерин кабыл алды

Президент 1872 06 Декабрь 2025 14:01
IMG_20251206_140118_266.jpg
IMG_20251206_140118_379.jpg
IMG_20251206_140117_903.jpg
IMG_20251206_140117_824.jpg
IMG_20251206_140118_189.jpg
IMG_20251206_140118_229.jpg
IMG_20251206_140118_022.jpg
IMG_20251206_140117_971.jpg
IMG_20251206_140118_662.jpg
IMG_20251206_140129_664.jpg
Алдыга
Артка
IMG_20251206_140118_266.jpg
IMG_20251206_140118_379.jpg
IMG_20251206_140117_903.jpg
IMG_20251206_140117_824.jpg
IMG_20251206_140118_189.jpg
IMG_20251206_140118_229.jpg
IMG_20251206_140118_022.jpg
IMG_20251206_140117_971.jpg
IMG_20251206_140118_662.jpg
IMG_20251206_140129_664.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 06.12.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-декабрда Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (United World Wrestling) президенти Ненад Лаловичти жана Азиянын бириккен күрөш дүйнөсүнүн (United World Wrestling Asia) президенти Мохаммед Аль-Авамлехти кабыл алды.

Мамлекет башчысы меймандар менен саламдашып, алардын спорттук күрөштүн өнүгүшүнө кошкон салымын белгилеп, жетекчилик алдында спорттун бул түрү мындан ары да дүйнө жүзүндө ыкчам жана ырааттуу өнүгөрүнө ишеним билдирди.

“Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Эрназар Акматалиев, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы – бул ысымдар бүгүн жеке эле кыргызстандыктарга эмес, дүйнөлүк күрөш коомчулугунда жана башка өлкөлөрдөгү күрөш күйөрмандарынын арасында өтө белгилүү”, - деди президент.

Ал Парижде өткөн Олимпиада оюндарынын жыйынтыгында Кыргызстан жалпы алты медаль алса, анын беш медалы дал күрөш боюнча болгонун белгиледи. Бул – келечекте боло турган мелдештерге, анын ичинде 2028-жылы Лос-Анжелес шаарында өтө турган Олимпиада оюндарына бекем негиз болуп саналат.

Садыр Жапаров спортту өнүктүрүү – мамлекетибиздин саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин баса белгиледи. Өлкөбүздө спорт жаатында заманбап объектилер курулуп, академиялар ачылып, спорт менен массалык түрдө да, кесипкөй спорт үчүн да машыгууга ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө.

Президент Садыр Жапаров UWW колдоосу менен Кыргызстанда күрөш боюнча дүйнө чемпионаттары да өткөрүлөт деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Ненад Лалович мамлекеттин спортту, айрыкча күрөштү жайылтуу боюнча аракеттерин белгиледи. Барган сайын көптөгөн кыргыз спортчулары таасирдүү жыйынтыктарды көрсөтүп, жетишкендиктери менен көңүл бурдуруп келишет.

Ал ошондой эле Кыргызстандын спорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана күрөштүн ар кандай түрлөрү көрсөтүлө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ишке басым жасады.

Мохаммед Аль-Авамлех Бириккен күрөш дүйнөсүнүн делегациясын жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөдө спорттун активдүү өнүгүшү Кыргызстандын эл аралык спорттук аренадагы позициясын бекемдеп, олуттуу натыйжаларды алып келип жатканын баса белгиледи.

Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров United World Wrestling уюмунун жетекчилерин сыйлады: Ненад Лаловичке «Достук» ордени, ал эми Мохаммед Аль-Авамлехке Кыргызстанда спорттук күрөштүн өнүгүшүнө жана дүйнөлүк аренада спорттук күрөштүн статусун жогорулатууга кошкон зор салымы үчүн Кыргызстандын Ардак грамотасы тапшырылды. Өз кезегинде Ненад Лалович Садыр Жапаровго UWW орденин тапшырды.