Садыр Жапаров бир катар өлкөлөрдүн элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды

Президент 2904 14 Октябрь 2025 08:40
1.jpg
558771722_1366146368853327_7832322895721376027_n.jpg
558928841_1366146025520028_7517948198121699420_n.jpg
559006105_1366145825520048_8313570264134349518_n.jpg
559083149_1366145585520072_1862000702773253765_n.jpg
559455171_1366145598853404_7304127775927713689_n.jpg
559546890_1366146395519991_4011089020671597282_n.jpg
559574144_1366145768853387_3166384837465950722_n.jpg
559579726_1366146292186668_6947394510441356248_n.jpg
559589504_1366145662186731_6675056228216684244_n.jpg
559820335_1366146452186652_5325452386891769500_n.jpg
560155463_1366146042186693_3606568756067875890_n.jpg
561322727_1366146238853340_8004465392010361319_n.jpg
561360362_1366145668853397_6238682387574426753_n.jpg
561426467_1366145818853382_9192921945008945822_n.jpg
561535259_1366146215520009_1823355903246281874_n.jpg
561650224_1366145908853373_651504684434230434_n.jpg
562318320_1366145922186705_8170997274355937402_n.jpg
562383356_1366146542186643_2259805444983462548_n.jpg
564012325_1366146322186665_4210786986209644645_n.jpg
564146632_1366146628853301_4773564213174220283_n.jpg
565235309_1366145755520055_8298215463320130624_n.jpg
565358716_1366146115520019_4247675325792484067_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 14.10.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 13-октябрда үчүнчү өлкөлөрдө резиденциясы менен аккредитацияланган атайын жана ыйгарым укуктуу элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алды.

Ишеним грамоталарын Словениянын элчиси Аленка Сухадольник, Италиянын элчиси Антонелло Де Риу, Экваториалдык Гвинея Республикасынын элчиси Лусиано Нкого Ндонг Айекаба, Бельгия Падышалыгынын элчиси Эрик Де Майер жана Гватемала Республикасынын элчиси Эдуардо Энрика Эрнандес Ресинос тапшырды.

Салтанаттуу азем чет өлкөлүк дипломатиялык миссиялардын башчыларын Ардактуу кароол тосуп алуусу менен башталып, андан соң элчилер президент Садыр Жапаровго ишеним грамоталарын тапшырышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө элчилерди республикадагы дипломатиялык миссиясынын расмий башталышы менен куттуктап, эгемендүүлүккө жеткенден тартып, Кыргызстан дүйнөнүн бардык мамлекеттери менен саясий диалогду, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды туруктуу өнүктүрүп келе жатканын өзгөчө белгиледи.

“Өлкөбүз үчүн өзгөчө маанилүү тарыхый доордо жаңы дипломатиялык миссияңыздар башталып жатат. Учурда Кыргызстанда туруктуу экономикалык өсүш байкалууда. Энергетика, курулуш, финансы, туризм жана башка маанилүү тармактарда ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда. Сиздердин мамлекеттерди Кыргызстан менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү жана алакаларды бекемдөө максатында бул долбоорлорго жигердүү катышууга чакырам”, - деди Садыр Жапаров.

Президент ушул жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасында мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөрүн эске салды. Бул чечим өлкөдөгү туруктуулукту жана демократиялык принциптерди бекемдөөгө максатталган.

“Шайлоо процессинин ачыктыгын камсыздоо үчүн эл аралык байкоочуларды, анын ичинде Сиздердин өлкөлөрдүн өкүлдөрүн да катышууга чакырып кетмекчимин”, - деп белгиледи мамлекет башчысы жана дипломатиялык миссиялардын башчылары өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук жана өз ара урматтоого негизделген мамилелерди бекемдөөгө чоң салымын кошот деп ишеним артты.