Садыр Жапаров Binance компаниясынын маркетинг боюнча глобалдык директору менен жолукту

Президент 1258 06 Октябрь 2025 11:15
556689491_1358599146274716_600261333959541400_n.jpg
558219545_1358599236274707_6852144977895127271_n.jpg
557633906_1358599126274718_2454888318943137468_n.jpg
557605315_1358599142941383_8359647747418569189_n.jpg
Алдыга
Артка
556689491_1358599146274716_600261333959541400_n.jpg
558219545_1358599236274707_6852144977895127271_n.jpg
557633906_1358599126274718_2454888318943137468_n.jpg
557605315_1358599142941383_8359647747418569189_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-октябрда Binance компаниясынын маркетинг боюнча глобалдык директору Рейчел Конлан менен жолугушту.

Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары жаатындагы заманбап чечимдерди киргизүүнү камтыган санарип экономикасын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин Катчылыгы улуттук валютага – сомго байланган KGST жаңы санариптик активин чыгаруунун үстүндө иштеп жатканын белгиледи.

Президент ошондой эле Улуттук банк менен биргеликте мамлекеттик электрондук валюта – санарип сом долбоору боюнча иш жүрүп жатканын белгилеп өттү. Платформанын демо-версиясы сыноо режиминде иштеп жатат.

Жакынкы аралыкта аны реалдуу маалыматтарды колдонуу менен сыноо пландаштырылууда. Келечекте санарип сомду өлкө ичинде жана эл аралык эсептешүүлөрдө колдонууну кеңейтүү үчүн KGST менен интеграциялоо каралган.

Рейчел Конлан өз кезегинде Садыр Жапаровго жергиликтүү санариптик активдердин экосистемасын түзүү боюнча активдүү позициясы үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнүн демилгеси кеңири эл аралык кызыгууну жаратып жатканын белгиледи.

Ал Binance компаниясынын кеңири өнөктөштүк тармагы жана колдонуучулардын ири базасы бар экенин, бул долбоорду илгерилетүүгө көмөктөшө аларын баса көрсөттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Рейчел Конлан Binance негиздөөчүсү Чанпэн Чжаонун Кыргызстанга болгон сапары эл аралык резонанс жаратканын белгилеп, Binance командасы кийинки этаптарга, анын ичинде узак мөөнөттүү илгерилетүү, коммуникация жана билим берүү демилгелерине катышууга даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында инновациялык жана коопсуз санарип экономикасын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоо, тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө болгон өз ара кызыкчылык тастыкталды.