Садыр Жапаров Ашхабаддагы Бейтараптык монументине гүл койду

Президент 1157 12 Декабрь 2025 13:15
WhatsApp Image 2025-12-12 at 13.19.56.jpeg
597160340_1419757366825560_6578051250228625397_n.jpg
596577832_1419757316825565_7576301961476150265_n.jpg
597391764_1419757310158899_974435351025466527_n.jpg
598094850_1419757250158905_8678553399814877391_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.12.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-декабрда Түркмөнстанга болгон иш сапарынын алкагында Ашхабад шаарындагы Бейтараптык монументине гүл коюу аземине катышты.

Азем "Тынчтык жана ишеним: туруктуу келечек үчүн максаттардын биримдиги" эл аралык форумуна катышкан президенттердин, өкмөт башчылардын, эл аралык уюмдардын жетекчилеринин катышуусунда өттү.

Ашхабаддагы Бейтараптык монументине гүл коюу аземи — жыл сайын 12-декабрда (Бейтараптыктын эл аралык күнү) Түркмөнстандын башчысынын катышуусунда өлкөнүн туруктуу бейтараптык укуктук статусунун урматына өткөрүлүүчү расмий иш-чара.