Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров аралыктан добуш берүүнүн кеңейтилген мүмкүнчүлүктөрүнө байланыштуу Кыргызстандын жарандары Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жогорку активдүүлүк көрсөтөрүнө ишеним билдирди.
Мамлекет башчысы шайлоо процесси ар кандай себептер менен катталган жеринен башка жакта жүргөн жарандар үчүн ыңгайлуу болуп калганын белгиледи.
"Мисалы, аймактардан Бишкекке, облустун борборлоруна же базарларга келген жарандар алар жүргөн жердеги шайлоо тилкесине кирип добуш бере алышат. Аларга паспорт же "Түндүк" тиркемесиндеги санарип паспортту көрсөтүү жетиштүү болот. Мен добуш берүүгө 5 эле мүнөт убактымды короттум", - деди президент.
Садыр Жапаровдун айтымында, чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктар үчүн дагы шайлоого катышуу процесси жөнөкөйлөштүрүлдү.
"Мурда бир жума мурун атайын барып, кийинки жумада мен шайлоого катышам деп катталып, андан соң шайлоого катышчу. Азыр паспортун көтөрүп келип, каалаган шайлоо тилкесинен шайлай алышат. Ошондуктан кечке чейин дагы убакыт бар, бардыгыңыздарды шайлоого активдүү катышууга чакырам. Анткени, ар бир добуш мамлекеттин тагдырын чече турган добуш. Мурдагыдай менин добушум эмнени чечмек эле, баары бир бай, же бийлик колдогон талапкер өтөт деген түшүнүктөн арылып, "менин добушум Кыргызстандын тагдырын чечет" деген ишеним менен келип, добуш берип кетүүгө чакырам", - деди президент.