Садыр Жапаров Алексей Оверчукту кабыл алды. Эмнелер талкууланды?

Президент 1199 11 Ноябрь 2025 17:20
581714506_1393777919423505_1609157367810865806_n.jpg
577845993_1393778046090159_6167225208210433273_n.jpg
579507066_1393777889423508_694529433265787039_n.jpg
581004141_1393777886090175_6844339225919164092_n.jpg
Алдыга
Артка
581714506_1393777919423505_1609157367810865806_n.jpg
577845993_1393778046090159_6167225208210433273_n.jpg
579507066_1393777889423508_694529433265787039_n.jpg
581004141_1393777886090175_6844339225919164092_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.11.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчукту кабыл алды.

Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык чөйрөлөрүн камтыган эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланды.

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы саясий байланыштардын активдүү динамикасына канааттануу билдирип, Алексей Оверчукту Бишкекте кыргыз-россия өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынынын ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктады.

Мамлекет башчысы көп жактуу кызматташтыкка токтолуп, Кыргызстан менен Россия интеграциялык бирикмелердин алкагында: ЕАЭБ, КМШ, ЖККУ жана ШКУда активдүү кызматташууну улантып жатканын белгиледи.

Өз кезегинде Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Кыргызстан Россия үчүн Борбор Азиядагы стратегиялык өнөктөш жана союздаш экенин өзгөчө белгиледи. Ал эми эки тараптуу кызматташтык өз ара сыйлашууга, жалпы тарыхка, ишенимге негизделген жана көп пландуу мүнөзгө ээ.

Алексей Оверчук ошондой эле өз ара товар жүгүртүүнүн жана жүк ташуулардын өсүшүн белгилеп, союздаштык мамилелерди чыңдоого жана Кыргызстан менен кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүүгө бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди.