Бишкек, 30.09.25. /Кабар/. Кийинки президенттик шайлоодо талапкерлигимди койсом, 90 пайыз добуш менен өтөм деп ишенем. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылуу жасап жатып билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, анткени азыр элдин колдоосу мурдагыдан да күч.
"Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону кээ бир саясатчылар же оппозициячылар бир жылдан кийинки президенттик шайлоосуна даярданып жатат деп ойлонушу мүмкүн. Жок андай эмес. Мен беш жыл мурун 80 пайыз элдин колдоосу менен өткөм. Кийинки шайлоодо талапкерлигимди койсом 90 пайыз менен өтөм деп ишенем. Анткени элдин колдоосу мурдагыдан да күч экенин сезип турам. Тек гана мындан ары узак мөөнөткө саясий стабилдүүлүк орногонуна кубанып жатам", - деди Садыр Жапаров.