Президент АКШнын атайын өкүлү Серджио Горду кабыл алды — Кабар

Президент АКШнын атайын өкүлү Серджио Горду кабыл алды

Президент 31 август 2026 15:15
791563834_2252175032248629_401991273072010850_n.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келген Америка Кошмо Штаттарынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча атайын өкүлү, АКШнын Индиядагы элчиси Серджио Горду кабыл алды.

Жолугушууда кыргыз-америка мамилелерин мындан ары өнүктүрүү, саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Өзгөчө көңүл “Борбордук Азия + АКШ” (С5+1) форматынын алкагындагы кызматташтыкка бурулду. Буга байланыштуу тараптар 2027-жылы ушул форматта мамлекет башчыларынын экинчи саммитин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоо контекстинде мамлекет башчысы Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышына байланыштуу куттуктоосу үчүн элчи Серджио Горго ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана Кыргызстандын жана АКШнын ишкер чөйрө өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүдө жана өз ара кызматташуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө “В5+1” платформасынын ролу белгиленди.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров АКШга барууну каалаган Кыргызстандын жарандарына карата визалык талаптарды жеңилдетүү зарылдыгына көңүл бурду.

791144083_2517213925455095_3030849008962418489_n

Тактап айтканда, Кыргызстандын жарандары үчүн визалык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү боюнча практикалык чечимдерди издөө, анын ичинде визалык депозитти (visa bond) төлөө талабы жана тиешелүү чектөөлөрдү кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгү тууралуу сөз болду.

Өз кезегинде элчи Серджио Гор мамлекет башчысынын сунуштарын колдоп, кыргыз-америка мамилелерин чыңдоого көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров АКШнын президенти Дональд Трампка салам жолдоп, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып жаткан америкалык спортчуларга ийгиликтерди каалады.