Кыргызстан менен АКШнын ортосунда келишимдик-укуктук базаны өнүктүрүү маселеси талкууланды — Кабар

Кыргызстан менен АКШнын ортосунда келишимдик-укуктук базаны өнүктүрүү маселеси талкууланды

Коом 29 январь 2025 21:20
474917266_932098735775846_6322230709332804691_n.jpg
475081125_932098742442512_66960529252488179_n.jpg
475758599_932098732442513_6069104172555039999_n.jpg
475192988_932098689109184_1891329293774196243_n.jpg
475719994_932098739109179_961306790416044160_n.jpg
Алдыга
Артка
474917266_932098735775846_6322230709332804691_n.jpg
475081125_932098742442512_66960529252488179_n.jpg
475758599_932098732442513_6069104172555039999_n.jpg
475192988_932098689109184_1891329293774196243_n.jpg
475719994_932098739109179_961306790416044160_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы

Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. Бүгүн башкы прокурор Максат Асаналиев Американын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Бул тууралуу прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар укуктук үстөмдүктү камсыздоо, жарандардын укуктарын коргоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Айрыкча, эки өлкөнүн ортосундагы келишимдик-укуктук базаны өнүктүрүүгө жана адам сатууга каршы күрөшүү боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, тараптар прокуратуранын ишине заманбап технологияларды, эл аралык стандарттарды киргизүү маселелерин талкуулашып, тажрыйба алмашуу жана окуу тренингдерди өткөрүү маселелерине көңүл бурушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар аталган багытта активдүү диалогду жана кызматташууну улантууга ишенимдерин билдиришти.