Акыркы жылдары Кыргызстандагы саясий туруктуулуктун аркасынан экономикалык өсүш, мамлекеттик башкаруунун жаңы модели жаралып, өлкөдө системалуу өзгөрүүлөр байкалууда.
Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында жүргүзүлүп жаткан саясаттын артыкчылыгы — реалдуу натыйжага багытталган мамлекеттик башкаруу, бюджеттик тартипти чыңдоо, өнөр жайды кайра жандандыруу жана социалдык тармактардагы реформалар болууда. Бул өзгөрүүлөрдү жөнөкөй өлкө жарандарынан тартып байкап, эл аралык баалоолор тастыктоодо.
Бүгүн, 6-декабрда мамлекет башчысы Садыр Жапаров туулган күнүн белгилөөдө. Ал 57 жашка толду. Буга чейин президенттин басма сөз катчысы билдиргендей, мамлекет башчынын туулган күнү кадимки иш күндөрүнөн айырмаланбайт.
Президентке азыр өлкөнүн ийгиликтеринен, жетишкендиктеринен өткөн баалуу белек жок. "Кабар" маалымат агенттиги Садыр Жапаровго гана эмес, бардык кыргызстандыктар үчүн сыймыктуу боло турган маанилүү фактыларды тизмектеди.
Саясий туруктуулук
Владимир Путин Кыргызстан Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында өлкөдө ички саясий туруктуулукту көрсөтүп жатканын, бул эки тараптуу мамилелерди чыңдоонун негизги шарты экенин белгиледи.
Россиянын президенти Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун дарегине карата бул билдирүүнү 2025-жылдын ноябрь айындагы мамлекеттик сапарында жасаган. Билдирүүдө Россия Кыргызстанды туруктуу жана ишенимдүү өнөктөшү экени белгиленген.
Республикалык бюджет 800 млрд сомго көбөйөт
Республикалык бюджет жыл башында 500 млрд сом болуп бекиген, эми өзгөртүүлөр киргизилип 300 млрд кошулуп, натыйжада 800 млрд сомдон ашат. Акыркы жылдарга чейин дефицитте жүргөн бюджет профицитке чыкты. Бул өсүш өлкөнүн киреше булактарынын көбөйгөнүн жана чыгашалардын кыскарганын көрсөтөт. Бул биздин экономикалык өсүштүн жана финансылык туруктуулуктун көрсөткүчү.
Кыргызстан курулушта иштегендердин үлүшү боюнча ЕАЭБде алдыда
2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан курулуш тармагында иштегендердин саны боюнча ЕАЭБде биринчи орунду ээледи. Муну ЕАЭБдин статистика департаментинин 2025-жылдын 2-декабрында жарыялаган отчету тастыктайт.
Жалпы иштегендердин ичинде курулушта иштегендер 12,2 пайызын түзүп, бул 336 миңге жакын адамды түзөт. Отчетто белгиленгендей, бул деңгээл акыркы 5 жыл аралыгында сакталып келет.
Рекорддук жыйынтык
Ички дүң продукт алдын-ала баалоолор боюнча 2025-жылдын январь-октябрында мурунку жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 10,0%га жогорулады жана 1 427,4 млрд сомду түздү.
Кыргызстан ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү боюнча алдыда
ЕЭК маалыматына ылайык, Кыргызстан ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү боюнча алдыңкы орунда турат. 2024-2025-жылдары жүздөгөн ишканалар ишке берилсе, 2030-жылга чейин 385 кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда.
Быйыл январь – сентябрь айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү 10,2 пайызга өскөн. Экинчи орунду Казакстан 7,4 пайыз менен ээледи.
Өлкөдө ипотекалык 70 миңден ашык батир курулууда
2023-жылдан бери компания өлкө аймагы боюнча 4 миң 662 батир жарандарга берген. Мамлекет башчысынын демилгеси менен МИК өзү 2023-жылдан баштап гана үй курууга киришип, алгач турак-жайга муктаж болгон медицина кызматкерлерине, мугалимдерге, укук коргоо органдарына жана башка социалдык тармактардын өкүлдөрүнө жана мамлекеттик кызматкерлерге батирлер берилип келет. Мамлекеттик турак жай программасынын алкагында учурда 100 миңге жакын жаран кезек күтүүдө. Кийинки жылы ипотекалык компания курган үйлөрдөн 40 миңге чукул батир ээсине тапшырылаарын айтылууда.
Жаңыланган аскер техникасы
Өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу, аскердик-техникалык базаны чыңдоо максатында 2020-2023-жылдар аралыгында жалпы 120 млрд сомдон ашык ($1,3 млрд жогору) каражат жумшалган. Алсак, 2020-жылы тармакка 3,5 млрд сом жумшалса, 2021-жылы коргоонууга кеткен чыгым 32 млрд сомду, ал эми 2022-жылы - 53 млрд сомду түзгөн. Башка өлкөлөр ала элек “Байрактар”, “Аксүнгүр” жана “Акынжы” учкучсуз учуучу аппараттар, согуштук дрондор алынды. Ошондой эле “Печора-2 БМ”, Ми-8 жана Ми-17 тик учактарын сатып алынган. Бишкектеги быйылкы Жеңиш парадында биз бронетранспортерлорду гана эмес, С-300 зениттик-ракеталык комплекстерин да көрдүк. Бул заманбап согуштук куралдардарды бизге эч ким белек кылып берген жок, өзүбүз тандап, сатып алдык.
Тизмектелгендер өлкөдөгү жетишкендиктердин алды, андан башка жүздөгөн өнөр жай ишканалары ачылып, жолдор оңдолуп, бала бакча, мектептер салынууда. Мунун бардыгы өлкөдөгү экономикалык өсүштү айгинелеп турат.