Бишкек, 27.02.26 /Кабар/. Бүгүн, 27-февралда Бишкекте өтүп жаткан республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров акыркы беш жылдагы иштин жыйынтыктарына токтолуп, эл алдындагы жоопкерчилик тууралуу билдирди.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө башкаруу командасы менен биргеликте маанилүү тарыхый этапты басып өткөнүн белгиледи.
"Бүгүн мен командам менен артка кылчайып, Кыргызстан элинин колдоосу менен 5 жыл мурун берген убадабызды аткардык деп сыймыктанып айта алам. Бул куру сөз эмес, ага конкреттүү жыйынтыктар, ишке ашкан ири долбоорлор, экономикалык көрсөткүчтөр жана бекемделген мамлекеттик институттар далил боло алат", - деди Садыр Жапаров.
Анын айтымында, өткөн жылдар оңой болгон жок — жетишкендиктер менен катар өлкө олуттуу сыноолорго, жаңы кыйынчылыктарга жана тарыхый окуяларга туш болду.
Президент беш жыл мурун Кыргызстандагы кырдаал оор болгонун эске салды.
"Ал кезде дүйнө коронавирус пандемиясынан калыбына келип жаткан, ал эми дүйнөлүк экономикалык байланыштар үзгүлтүккө учураган эле. Ошондой эле өлкөдө институционалдык алсыздык, бюджеттин тартыштыгы, инвестициялык активдүүлүктүн төмөндөшү жана айрым мамлекеттик органдардын ишинин басаңдашы байкалып жаткан. Жасалган иштердин эң башкы натыйжасы элдин эртеңки күнгө болгон ишениминин кайтып келиши. Экономикалык туруктуулук жана мамлекеттик башкаруудагы тартип өлкөнүн социалдык милдеттенмелерин толук аткарууга жол ачты", - деп белгиледи президент.