Мындан бир нече жыл мурда Кыргызстандын экономикасындагы тенденциялар бюджеттин профицити, ИДПнын өсүшү, карыздын азайышы жана финансылык туруктуулук деген терминдер менен мүнөздөлөт деп эч ким ойлогон эмес. Кыска убакыттын ичинде өлкө бардык секторлордо негизги көрсөткүчтөрдү жакшырта алды. Биздин өлкөнүн өнүгүү келечегине глобалдык финансылык институттар көп убакыттан бери күмөн санап келгенин моюнга алышууда. Эми болсо көп нерсе өзгөрдү.
Moody's эл аралык рейтинг агенттиги Кыргызстандын суверендүү кредиттик рейтинги боюнча болжолун "туруктуудан" "позитивдүү" деңгээлине өзгөрттү. Чет элдик эксперттер макроэкономикалык жана фискалдык көрсөткүчтөрдүн жакшырганын, ошондой эле экономиканын өсүү темпинин потенциалынын жогорулаганын белгилешти. Мында негизги критерий катары мамлекеттик карыздын 2020-жылы ИДПнын 64 пайызынан 2024-жылы 37 пайызга чейин төмөндөшү болуп са

налат. Бул өлкөдө андан ары туруктуу өнүгүү үчүн бюджеттик мүмкүнчүлүктөрдүн бар экенин көрсөтүп турат.
Башкача айтканда, республикада ички дүң продукциянын көлөмү өсүп, тышкы карыздын жылдык экономиканын көлөмүнө болгон катышы бир топ төмөндөдү. Кыргызстан төлөөгө жөндөмдүү, өнөр жайын активдүү өнүктүрүүдө, инвестицияларды тартууда, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда. Статистикалык көрсөткүчтөр өлкөнүн туруктуу өнүгүү жолуна чыкканын далилдеп турат.
Президенттин администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Кыргызстанда ар кайсы президенттердин тушунда тышкы карыздын ИДПга карата катышы кандайча өзгөргөндүгү тууралуу тарыхый маалымат берди. "Аскар Акаевдин тушунда карыз ИДПнын 100 пайыздан ашканы да болгон, Курманбек Бакиевдин тушунда – 70пайызга чейин, Роза Отунбаеванын тушунда – 59 пайызга жакын, Алмазбек Атамбаевдин тушунда карыздын ИДПга карата катышы 67 пайызга чейин өскөн, ал эми Сооронбай Жээнбековдун тушунда бул көрсөткүч сакталып калган. Мында бюджеттин тартыштыгы кадимки көрүнүш болгон", – деп түшүндүрдү Дайырбек Орунбеков.
Азыркы учурда бюджеттин киреше бөлүгү мамлекеттик чыгымдардан ашып турат. Өткөн жылы инфраструктураны өнүктүрүүгө, мектептерди, ооруканаларды жана социалдык турак жайларды курууга, айлык акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды көбөйтүүгө жумшалганына карабастан профицит 2,5 пайызды түздү. Тышкы карыз боюнча төлөмдөрдүн эң жогорку мезгили 2027-жылга туш келет. Ошол мезгилге Кыргызстан экономикалык өсүшүн улантып, жетиштүү, тең салмактуу жана туруктуу көрсөткүчтөр менен жакындап бара жатат. Төлөөдө көйгөйлөр болбойт деп ишенүүгө негиз бар. Бирок, бюджетке болгон жүк дагы деле олуттуу. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси билдирди. "Экономисттердин божомолу боюнча, Кыргызстан 2027-жылы тышкы карыздын негизги бөлүгүн төлөй баштайт — сумма жылына 500 млн доллардан ашышы мүмкүн. Бул мамлекет эгемендүүлүк алгандан берки, өзгөчө 2010-жылдан 2020-жылга чейин алынган карыздар", - деп баса белгиледи Орунбеков.
Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров дүйнөлүк стандарттарга ылайык, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн ИДПга карата тышкы карыздын 40 пайыздан төмөн болушу коопсуз экенин белгилейт.

"Бизде азыр 37 пайыз. Бул абдан нормалдуу көрүнүш. Экономиканын тез өсүшүнүн эсебинен биздин бюджетке жетиштүү каражат түшүп жатканын көрүп жатабыз. Эгерде 2023-жылы консолидацияланган бюджет 688 млрд сомду түзсө, 2024-жылы 709 млрд сомду түзгөн. Бул социалдык объектилерди курууга жетиштүү акча каражаты бөлүнөт дегенди билдирет, учурда мектептер, ооруканалар, ар кандай инфраструктуралар курулууда. Жолдордун сапаты жакшыртылып, 2 миң километрден ашык жол өз күчүбүз менен оңдолду. Бул мамлекеттик кызматкерлердин, аз камсыз болгон катмарлардын айлык акысын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Жөлөк пулдар көбөйүүдө. Акча каражаттары энергетикалык түзүмдү, айыл чарбасы үчүн ирригациялык жана дренаждык системаларды жакшыртууга багытталып жатат. Айыл чарбасын өнүктүрүүгө акча каражаттары бөлүнүүдө. Бул азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган. 20 млрд сомдон ашык каражат бөлүнүп, кластерлер түзүлүүдө. Энергетикада кошумча кубаттуулуктар киргизилип жатат. Камбар-Ата-1 ГЭСин, Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды. Ошондой эле мындайн башка көптөгөн инфраструктуралык долбоорлор ишке ашууда. Жалпысынан экономиканын мындай өнүгүшү инвестициялык климатты жакшыртууга жардам берет", – дейт Абдыров.
Дүйнөлүк банк дагы Кыргызстанда экономикалык жакшыруулар байкалып жатканын белгиледи. ДБнын аналитиктери калк арасындагы жүргүзгөн сурамжылоого негизделген изилдөөлөрүндө өлкө жарандарынын көпчүлүгү жакшы жакка өзгөрүүлөрдү сезип, келечекке оптимисттик көз карашта экенин айтышууда. Элдин пикирин изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча эл аралык эксперттердин кыскача тыянактары төмөнкүдөй:

- Үй чарбаларынын каржылык жактан өздөрүн ишенимдүү сезгени 80 пайызга жетти — бул байкоо жүргүзүлгөн мезгил ичиндеги эң жогорку көрсөткүч. 2021-жылдын декабрындагы 33%га салыштырмалуу дээрлик 2,5 эсе көп.
- 2022-жылдын январында респонденттердин 72 пайызы жергиликтүү экономикалык абалды жакшы деп эсептешкен. 2025-жылдын июнь айына карата бул көрсөткүч 91 пайызга чейин өстү — дээрлик 20 пайызга өсүү экономиканын жана жергиликтүү рыноктордун туруктуулугуна болгон ишенимдин бекемделгенин билдирет.
- 2022-жылдын башында жарандардын 70 пайыздан азыраагы өкмөт коррупцияга каршы натыйжалуу күрөшүп жатат деп эсептешкен. 2025-жылдын ортосуна карата ишеним айыл жерлеринде 93 пайызга, шаарларда 89 пайызга чейин өстү.
- Азык-түлүк коопсуздугу чыңдалды. Үй-бүлөлөрдүн 86 пайызы өздөрүн ишенимдүү сезип, карызга же мүлктү сатууга азыраак муктаж болуп калганын билдиришкен. Кредит алгандардын үлүшү 32 пайыздан 7 пайызга чейин, ал эми мүлктү сатуу 16 пайыздан 2 пайызга чейин кыскарды.
- Өзүн жакыр сезген адамдардын үлүшү 24%пайыздан 14 пайызга чейин кыскарды - Жашоого канааттануу деңгээли 54 пайыздан 80 пайызга чейин өстү. Өтө канааттанбагандардын саны кескин азайды.
- Сурамжылоого катышкандардын 91 пайызы жергиликтүү экономикалык абалды оң баалашат, ал эми 76 пайызы азыр жумуш издөөгө же өз ишин баштоого ыңгайлуу убакыт келгенин белгилешет.
Респонденттердин көпчүлүгү мамлекеттин аракеттерин оң баалашты:
- 87 пайыз калктын аялуу катмарын колдоо жакшырды деп эсептешет. 2022-жылдын январында бул көрсөткүч 60 пайыздан ашкан.
- Айыл жергесиндеги респонденттердин 83%пайызы (шаарларда 76 пайызы) бийликтин ачыктыгын жана диалогго даярдыгын белгилешет.
Айрымдар өлкөдөгү өзгөрүүлөрдү жаңы экономикалык керемет деп атаса, башкалары мындай өнүгүүнүн феномени глобалдык конъюнктуранын өзгөрүшүнө байланыштуу дешет. Бирок мунун баарына дагы бир логикалык түшүндүрмө бар, азыр биз коррупцияга каршы күрөштүн жана өнүгүү программаларын ишке ашырууга жөндөмдүү, натыйжалуу бийлик вертикалын курууга мүмкүндүк берген системалык өзгөрүүлөрдүн жана реформалардын натыйжаларын көрүп жатабыз.