Рыскулов көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылды. Себеби

Коом 7 апрель 2025 16:01
1004724133.jpg
1744013478.jpg
Алдыга
Артка
1004724133.jpg
1744013478.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 07.04.25. /Кабар/. Бишкектин Жаш Гвардия бульварындагы жолду реабилитациялоо менен бирге жылуулук тармагын алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иштер 7-апрелден 23-апрелге чейин Рыскулов көчөсүнүн Жаш Гвардия бульвары менен кесилишкен бөлүгүндө жүргүзүлүп, анда диаметри 520 мм болгон эски түтүк диаметри 720 мм болгон жаңы түтүккө алмаштырылат. Участоктун жалпы узундугу 112 метрди түзөт.

Буга байланыштуу Рыскулов көчөсүнүн аталган бөлүгү унаа кыймылы үчүн толугу менен жабылды.

Бишкек шаарынын мэриясы жол тыгынын болтурбоо үчүн өз каттамды алдын ала пландаштырууну, ошондой эле жеке транспорттун ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.