Бишкек, 28.11.25 /Кабар/. Курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) күчөгөн мезгилде оорулардын алдын алуу максатында Бишкек мэриясы дарыгерлердин кеңешин сунуштайт.
Анда белгиленгендей, балдардын иммунитетин бекемдөө үчүн кеминде 8–9 сааттык уйку, түрлүү тамактануу, туруктуу физикалык активдүүлүк, окуу аралыктан жүргүзүлүп жаткан маалда оорулуу адамдар менен байланыштан качуу сунушталат.
— эл көп топтолгон жерлерге мүмкүн болушунча барбоо;
— КРВИ белгилери байкалса, үйдө болуу жана өз алдынча дарыланбай, үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу;
— медициналык бет кап тагынуу, аны ар 2–3 саат сайын алмаштыруу;
— жеке гигиенаны сактоо жана колду дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу;
— бөлмөлөрдү күнүнө 3–4 жолу желдетип, таза абанын кирүүсүн камсыз кылуу.
Дарыгерлер шаардагы эпидемиологиялык кырдаал жалпы туруктуу экенин билдиришет. Ошол эле учурда абалдын мындан ары жакшырышы жарандардын жоопкерчиликтүү жүрүм-турумуна түздөн-түз байланыштуу экенин белгилешет.