Руслан Мукамбетов коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 16 Май 2025 09:08
2654466.7af3466b0e4fa5b179d4eb99a3e3342b.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 16.05.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 8-бөлүгүнө, 71-беренесине ылайык Мукамбетов Руслан Мустафаевич коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Коргоо министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Руслан Мукамбетовдун талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.