Кыргызстан менен Кытайдын коргоо министрлери Пекинде жолукту

Коом 17 сентябрь 2026 13:50
WhatsApp Image 2026-09-17 at 13.29.23 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 13.29.23.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 13.29.23 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 13.29.22.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 13.29.22 (1).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 17.09.26 /Кабар/. Пекин шаарында Кыргызстандын коргоо министри Руслан Мукамбетов менен Кытайдын коргоо министри Дун Цзюнь жолугушту.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу Пекин шаарында өтүп жаткан туруктуулукту бекемдөө, күч-аракеттерди бириктирүү жана коопсуздук чөйрөсүндө глобалдык башкарууга биргелешип көмөктөшүү боюнча 13-Пекин Сяньшань форумунун алкагында орун алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар коргонуу жаатындагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана аны өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты, ошондой эле аймактык жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты.

Белгилей кетсек, форумга коргоо министри Руслан Мукамбетов баштаган делегация катышууда.