Бишкек, 02.07.25. /Кабар/. Румыния кургакчылык жана ичүүчү суунун тартыштыгынан жапа чегип жатат. Бул тууралуу “Евроньюс” маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, өлкөдөгү кургакчылык күнүмдүк жашоого, айрыкча түштүк-батыштагы Долж округуна олуттуу таасирин тийгизүүдө.
Жергиликтүү айылдарда жашоочулар күн сайын ичүүчү суунун тартыштыгына кабылып жатышат. Скважиналар кургап, көбү талааны аралап, мэрия тарабынан чыгарылып жаткан скважинага барууга аргасыз.
Жергиликтүү бийлик маселенин олуттуулугун моюнга алып, аны чечүүнүн жолдорун иштеп жатышкандарын белгилешкен.
"Кийинки аптада сууга жетүүнү жеңилдетүү үчүн тиешелүү бардык жабдууларды алып келебиз”,- деген Аргетоай шаарынын мэри Елена Дабега
Маалымат үчүн: Румыния 2007-жылдан бери Евробиримдиктин мүчөсү.
Өлкөнүн Аудит кызматынын маалыматы боюнча, ар бир төртүнчү тургун жалпы пайдалануудагы суу түтүгүнө жетпейт. Ал эми өлкөнүн калкынын 40%га жакыны канализацияга туташкан эмес.
Синоптиктердин айтымында, быйыл Румыния акыркы жылдардагы эң катуу кургакчылыкты башынан өткөрүүдө..