Балыкчы, 17.09.25. /Кабар/. Балыкчы шаарында, «Эдельвейс» окуу-машыгуу борборунун аймагында жана Ысык-Көл көлүнүн акваториясында КР Коргоо министрлигинин Аскерлердин күнүмдүк ишмердүүлүгүн камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Алмаз Кожошевдин жетекчилиги алдында «Рубеж–2025» командалык-штабдык окуусу өтүп жатат.
Окуулар Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттин аймагына басып кирген мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү жок кылуу боюнча Борбор Азия аймагындагы Жамааттык ыкчам жайгашуу күчтөрүнүн бөлүктөрү согуштук аракеттерге даярдыгын жана аларды жүргүзүү маселелерин иштеп чыгууга багытталган.
Окууларга Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын аскердик контингенттери, ошондой эле ЖККУнун Бириккен штабы менен Катчылыгынын ыкчам топтору катышууда. Россиянын контингентинин негизин 201-аскердик базанын курамына кирген Борбордук аскер округунун аскер кызматкерлери түзөт.
Белгилей кетсек, машыгууга жалпысынан болжол менен 1200 адам жана 500гө жакын аскердик жана атайын техника, анын ичинде учактар, тик учактар, учкучсуз учуучу аппараттар (БПЛА) жана согуштук кайыктар тартылган.
Мындан тышкары, 2001-жылы ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими менен түзүлгөн Борбор Азия аймагындагы Жамааттык ыкчам жайгашуу күчтөрүнүн бөлүктөрүнүн курамына заманбап курал-жарак жана аскердик техника менен жабдылган, жогорку даярдыктагы куралдуу күчтөрдүн бөлүктөрү жана бөлүмдөрү кирет. Анын негизги милдеттери — тышкы аскердик агрессияга каршы туруу жана биргелешкен контртеррористтик операцияларды жүргүзүүгө катышуу болуп саналат.
Эске салсак, бүгүн, 17-сентябрда, Балыкчы шаарында ЖККУнун Борбор Азия аймагындагы Жамааттык ыкчам жайгашуу күчтөрүнүн «Рубеж–2025» аттуу командалык-штабдык окуусунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү.