Өрт коопсуздугу. Кара-Суу райондук ооруканасында бир катар эреже бузуулар аныкталды

Аймак 1148 20 Февраль 2025 14:26
480574919_1030178902488169_1630293425950914176_n.jpg
480566253_1030178832488176_5910096798635839283_n.jpg
480560514_1030178752488184_8035884594854650930_n.jpg
481074861_1030178719154854_1332234547536997340_n.jpg
480556766_1030178672488192_5492234009116249307_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Күн мурун Кара-Суу райондук аймактык ооруканасында өрт коопсуздугу боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Ведомстводон билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө аталган ооруканада сырткы жана ички өрткө каршы суу булактары камсыздалбагандыгы,өрттү кабарлоочу автоматтык жабдыктар менен камсыздалбагандыгы жана бир катар режимдик мүнөздөгү өрт коопсуздук иш-чараларынын аткарылбагандыгы аныкталып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан улам өрт коопсуздугун жоюуга акт түзүлүп, эскертме берилди.

Ошондой эле, ушул эле иш чара Алай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунда өттү.

Текшерүү жыйынтыгында, аталган медициналык мекемелерде орун алган кемчиликтерди 30 күндүн ичинде жоюу боюнча эскертүүлөр жазуу түрүндө берилди.