Россиянын экономикасы үч жылда 9,7 пайызга өстү – Владимир Путин

Дүйнө Загрузка... 19 Декабрь 2025 18:28
WhatsApp Image 2025-12-19 at 18.11.06.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 19.12.25 /Кабар/. Соңку үч жылда Россиянын ички дүң продукциясы 9,7 пайызга жогорулаган. Бул тууралуу ал суроо-жооп форматында өткөн түз эфирдеги маалымат жыйында билдирди.

Путин экономикалык өсүштүн темпинин жайлашы атайын кабыл алынган чечим экенин айтып, бул кадам экономиканын сапатын жана макроэкономикалык туруктуулукту сактоо үчүн жасалганын белгиледи. Анын айтымында, мындай саясатты өкмөт, өлкө жетекчилиги жана Борбордук банк биргелешип жүргүзүүдө.

Ал инфляцияны ооздуктоо багытында да оң жыйынтыктар бар экенин кошумчалады. Баштапкы максат инфляцияны 6 пайызга түшүрүү болгон, бирок жыл аягына чейин ал 5,7-5,8 пайызга чейин төмөндөшү мүмкүн.

Мындан тышкары, Путин Россиянын экономикасы азырынча рецессия коркунучунан алыс экенин белгилеп, буга эмгек рыногундагы абал далил болуп жатканын айтты. Анын айтымында, жумушсуздуктун төмөн деңгээли экономиканын маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат.

Ошол эле учурда президент экономиканын “ашыкча сууп кетишине” жол бербөө зарылдыгын эскертип, мындай абал рецессияга алып келиши мүмкүн экенин билдирди.

Белгилей кетсек, Владимир Путин түз эфирде жарандардан түшкөн суроолорго жооп берди. Суроолордун саны дээрлик 3 миллионго жеткен жана Москва жана Санкт-Петербург шаарларынан суроолор эң көп берилген.