Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-апрелде П.М. аттуу бөлүм башчысы жана А.А. аттуу ыкчам кызматкер кармалды. Алар Россиянын жаранынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча иште жазаны жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүү үчүн 9 млн рубль (100 миң доллар өлчөмүндө) талап кылышкан.
Аныкталгандай, кармалгандар жашыруун аракеттенүү жана түз далилдерди болтурбоо максатында пара алуунун аралыктан ишке ашырылган схемасын иштеп чыгышкан. Кармалган жарандын үй-бүлөсү мүлкүн сатып, акчаны Россиядан бөлүп-бөлүп, БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан берилген "Сбербанк" банк карталарына которуп турушкан.
Андан кийин акча каражаттарын накталайга айландыруу жана Кыргызстанда мыйзамдаштыруу үчүн үчүнчү жактар да тартылган. Бул ыкма кызмат адамдарына каржылык операцияларга өздөрүнүн тиешеси бар экенин жашырууга мүмкүндүк берген.
Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.